Араван: айыл өкмөтү 1 км жол кантип 3,5 млрд. сомго бааланып калганын айтты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан автоунаа. Архив
Жолдо бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына Чек-Абад айыл өкмөтү 1000 метр аралык жолду куруу үчүн 3,5 миллиард сомго тендер жарыялаганы жазылган

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Оштун Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүндө бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн 3,5 миллиард (3,450,361,000) сомго тендер жарыялоо боюнча билдирүүдө техникалык мүчүлүштүк кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аброр Халилов билдирди.

Белгилей кетсек, 6-апрель күнү Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтында Чек-Абад айыл өкмөтү 1000 метр аралык жолду курууга 3,5 миллиард сомго тендер жарыялаганы жазылган. 

"Чынында 3,5 миллион (3, 450, 361) сом гана болчу. Сайттын автоматтык түрдө иштеген калькуляциясы болгондуктан пландалган суммасы 3,5 миллион сом деп жазылып, ага 1000 метр аралыкка жасалчу жумуш көбөйтүлүп 3,5 миллиард болуп калыптыр. Азыр ал тендерди артка чакыртып алдык. Кайра башынан оңдоп, анан жарыялайбыз", — деди Халилов.

Ошондой эле ал мындай жаңылыштык айыл өкмөт тарабынан кеткенин моюндады.

Буга чейин Талас мэриясы дагы борбордук парктын ортосуна 1,5 миллион сомго ажаткана курган. Бирок ал эки жылдан бери иштебей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0