Бишкекте троллейбустун жаңы эки каттамы ачылды. Карта

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан 26 коомдук унаа иштемекчи

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте №2 жана №3 жаңы эки троллейбустук каттам ачылганын шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, "Аламүдүн" базары — эт комбинаты каттамы менен №2 троллейбусу жүрөт. Каттамга 11 унаа чыга турганы айтылды. Ал эми №3 троллейбус "Жал" кичирайону — Жер иштетүү институту багыты боюнча жүрүп, бул каттамга 15 коомдук унаа чыкмакчы.

Жолдорду оңдоо иштеринен улам №5, 9 жана 14-троллейбустар убактылуу токтотулганы, ал эми №7 менен 8-троллейбустун багыты өзгөргөнү кабарланды.

Учурда кайсы жолдор жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган картадан көрүп, ыңгайлашып алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0