Кыргыз-өзбек чек арасында ок чыгарылбай турган болду

Жазылуу
9-апрелде Наманган облусунун (Өзбекстан) Заркент жергесинде Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара ведомствосунун жетекчилери жолуккан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында эки тараптын тынч жарандарына карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаковго Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымат берген.

Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Мамай аймагында кыргызстандык 34 жаштагы тургун өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан бир адам ооруканага түштү. Чоо-жайы
Шаршеевдин маалыматында 9-апрелде эки өлкөнүн премьер-министрлеринин макулдашуусунун негизинде Наманган облусунун Заркент жергесинде кыргыз жана өзбек чек ара ведомстволорунун жетекчилери жолуккандыгы айтылат.

Андан сырткары, эки өлкөнүн чек ара делегациясы мамлекеттик администрация башчылары жана чек арага жакын жайгашкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте чатак болгон Мамай (Кыргызстан) айылына барган.

"Жолугушууда тынч жарандарга карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салуу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду", — деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында чыр боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлгон. Анын курамына эки өлкөнүн чек ара ведомство өкүлдөрү, чектеш аймактардын райондук администрация башчылары, укук коргоо органдарынын, прокуратура жана каттоо (кадастрлык) кызматтарынын өкүлдөрү кирди.

Мындан эки күн мурда Исаков Өзбекстан премьери менен чек арадагы адам өмүрүн алган окуя боюнча сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0