БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Чүй облусунун милициясы колдорун тытып, өзүнө зыян келтирип жаткан өспүрүмдөрдүн тараган видеосу боюнча чара көрүүдө.
ИИББдин маалымат кызматы билдиргендей, окуучулардын видеосу 10-апрелден тарта WhatsApp аркылуу тарай баштаган. РИИБдин кызматкерлери тарабынан колунда шектүү тытыктар болгон бир нече окуучуну аныктаган. Мындай учурлардын алдын алуу үчүн учурда милиция өспүрүмдөр менен ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Алдын ала маалымат боюнча өспүрүмдөр "Синий кит" оюну сыяктуу ага берелип кеткен эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле оюндун өспүрүмдөрдү терс жолго салуусуна жол бербөө керектиги белгиленди. Андыктан милиция ата-энелерди этият болуп, балдарынын жүрүм-турумуна тыкыр көз салышы керектигин эскертет.