Эмиратка Ош менен Бишкектен учкан аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бирикен Араб Эмирлигине (Бишкек— Дубай) учкан бир гана аба каттамы бар

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстан Air Arabia авикомпаниясы менен "Шарджа — Бишкек" жана "Шарджа— Ош" аба каттамдарын бул жайда ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ Шаржада Дубайдагы КРдин башкы консулу Айбек Маматбеков аталган шаардын Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы Абдалла Султан Аль-Увейс менен кызматташуу тармактарын талкуулаган.

"Абдалла Султан Аль-Увейске Air Arabia авикомпаниясы менен кыргыз тараптын сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берилди. Кеп жай айында "Шарджа — Бишкек" жана "Шарджа— Ош" аба каттамдарын ачуу туурасында болду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Бирикен Араб Эмирлигине (Бишкек— Дубай) учкан бир гана аба каттамы бар.

Мындан бир нече ай мурда премьер-министр Сапар Исаков жетектеген делегация Дубайдагы коопсуздук боюнча "Көз" долбоору менен таанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0