Башкы автоинспектор: жол эрежесин бузгандардын айдоочулук күбөлүгү алынбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочулардын күбөлүгү алынып, айып төлөнгөндөн кийин гана кайтарылып келет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жол эрежесин бузгандардын айдоочулук күбөлүгү тартып алынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Канат Жумагазиев "Таза коом" долбоорун ишке ашыруудагы алдын ала жыйынтыктар тууралуу презентация учурунда билдирди.

ЖКККББнын башчысы "Мобилдик инспектор" маалыматтык системасы камтылган планшеттерди көрсөттү.

Учурда Бишкекте ушундай беш планшет тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат. Кийин стратегиялык трассалар менен аймактарга жайылтылат.

"Планшетте протоколдун электрондук формасы бар, ал убакытты кыйла үнөмдөйт. Себеби кагаз түрүндөгү документтерди толтурууга убакыт талап кылынат. Андан кийин айдоочулук күбөлүк менен протокол административдик кызматкерлерге берилет, алар анан отуруп алып базага киргизет. Мындай этаптар абдан эле көп убакытты алып коет", — деди Жумагазиев.

Ал ошондой эле айдоочулук күбөлүктү кайра алуу үчүн адамдар узун кезекке туруп калып жатканын, ал эми планшет аркылуу маалыматты базага түз киргизилгендиктен, айдоочулук күбөлүктү алуу зарылдыгы жоюуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0