Бишкектин көчөлөрү камера коюу үчүн аукционго коюлушу мүмкүн

Жазылуу
Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети көрүлүүдө

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында Бишкектеги көчөлөрдүн айрым кесилиштери ишкерлерге ижарага берилиши ыктымалдыгын айтты. Өкмөт башчы мындай пикирин "Таза Коом" программасын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктарын тааныштыруу учурунда билдирди.

Исаков долбоор тууралуу өзү айтып берди.

"Айрым көчөлөрдүн кесилиши аукционго коюлат. Уткан компания түшкөн айыптан өз үлүшүн алат. Алардын башкы милдети — системаны жакшы карап, иштөөсүн көзөмөлдөп туруу", — деди Исаков.

Өкмөт башчы буга чейин Бишкектин үч жерине "акылдуу" видеокамералар коюлуп, бүгүнтөн тарта ишке кирерин маалымдаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0