Ошто айыл чарба лабораториясы 250 миң долларга курулмай болду

Жазылуу
Лаборатория ишке берилгенден кийин айыл чарба азыктарын эл аралык талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ошто өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория имаратынын курулушу башталды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы имараттын капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекеминин кызматкерлери катышты.

"Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жараянында техникалык жардам менен камсыз кылуу боюнча Россиянын жана кыргыз өкмөтүнүн макулдашуусунун алкагында Ошко лаборатория куруу үчүн 240 миң доллар каралган. Андан тышкары, карантин жана лаборатория адистерин окутуу үчүн 105 миң доллар бөлүнгөн. Анын 50 миң долларына "Көчмө лаборатория" базасында эки унаа сатып алынган", — деп айтылат маалыматта.

Лаборатория ишке берилгенден кийин айыл чарба продукцияларын заманбап технологиянын негизинде эл аралык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт. Негизги максаты — атамекендик айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0