Исаков эки базардагы өрттөн жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ жетекчиси Улан Исраилов эки базардан чыккан өрт кишинин колунан келген деген шектенүү негизги себеп катары каралып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы базарлардын өрттөнүшү боюнча кеңешме өткөрүп, ИИМ, ӨКМ жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Миллиондогон акчабыз күйдү! Ош базардын күйүткө баткан соодагерлери. Видео - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон акчабыз күйдү! "Ош" базардын күйүткө баткан соодагерлери. Видео
Эске салсак, түндө борбор калаадагы "Ош" жана Жалал-Абаддагы борбордук базарда өрт чыгып, материалдык бир топ зыян келген.

ИИМ жетекчиси Улан Исраилов эки базардан чыккан өрт кишинин колунан келген деген шектенүү негизги себеп катары каралып жаткандыгын айтты.

Бүгүн бир нече саат мурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Исаков тиешелүү тараптарга өрттөн материалдык жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

"Соода кылгандар материалдык зыянга учурады. Аларга колдоо көрсөтүү маселеси каралашы керек. Андан сырткары, ИИМ тыкыр иликтөө жүргүзүшү зарыл. Анын жыйынтыгында өрттү койгон күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек", — деди Исаков.

Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Катуудан казан гана калганда. "Ош" базарындагы өрттүн сүрөттөрү
Өкмөт башчы вице-премьер Дайыр Кенекеевге өрттөн материалдык чыгымга учурагандарга мамлекет тарабынан колдоо көсөтүүнү жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды. Аны менен бирге тиешелүү органдарды элге өрт жана чукул кырдаалдар учурунда коопсуздук эрежелерди тыкыр сактоосу боюнча түшүндүрүүлөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди.

Жыл башынан бери үчүнчү ирет өрт чалган "Ош" базарында азыр абал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0