Бишкектеги Айтматов көчөсүн оңдоо үчүн 98 гараж алып салынды

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы Айтматов көчөсүн оңдоо иштеринин алкагында "Чыгыш-5" кичирайонунда жайгашкан 98 гараж алып салынганын мэрия билдирди
Борбор калаадагы Айтматов көчөсүн оңдоо иштеринин алкагында Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан 98 гараж алып салынганын мэрия билдирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта реконструкциялоо максатында бир топ көчө жабылган

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Айтматов көчөсүн оңдоо иштеринин алкагында "Чыгыш-5" кичирайонунда жайгашкан 98 гараж алып салынганын мэрия билдирди.

Ата түрк паркынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таанылгыс болот! Түркия Бишкектеги "Ата түрк" паркын реконструкциялайт
Маалыматка ылайык, муниципалдык жерди бошотуу үчүн гараж ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүргөн. Натыйжада мамлекетке 450 чарчы метр аянт кайтарылган.

Мэрия шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кыймылды азайтуу үчүн жол курула турчу жерде өзүм билемдик менен курулган объектилерди алуу иштери улантыла турганын кошумчалады.

Ушу тапта реконструкциялоо максатында шаардагы бир топ көчө жабылган. Тургундардын ыңгайлуулугу үчүн Sputnik Кыргызстан ал көчөлөрдүн картасын түзүп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0