Экинчи аял болгон келин эмнеге түрмөгө түштү? Күндөш, кофе жана сымап окуясы

Жазылуу
Келиндин күйөөсү азыр Кореяда экендиги белгилүү болду, ал эми күндөшү сүйлөшүүдөн баш тартты

ОШ, 15-апр. – Sputnik. Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрүүгө аракет кылды деп күнөөлөнгөн Кадамжай районунун 36 жаштагы тургуну Мамура Кучкарованы Баткен облустук соту 9 жылга эркинен ажыратты. Ал учурда Жалал-Абад шаарындагы абакта жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу айыпталуучунун жактоочусу Нурлан Капаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваКүйөөдөн бакыт издеп экинчи аял болуп турмушка чыккан 36 жаштагы Мамура Кучкарова учурда темир тор артында жаза мөөнөтүн өтөп жатат
Обвиняемая в убийстве первой жены супруга Мамура Кучкарова - Sputnik Кыргызстан
Күйөөдөн бакыт издеп экинчи аял болуп турмушка чыккан 36 жаштагы Мамура Кучкарова учурда темир тор артында жаза мөөнөтүн өтөп жатат

Келиндин жакындары Кучкарова айыпсыз, ага коюлган күнөө далилденген жок деп, соттун чечимине макул эместигин айтып чыгышты. Адвокат Капаров Жогорку сотко доо арызы менен кайрылганын, учурда аталган мекемеде бул иш каралып жатканын билдирди.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы айыпталуучунун энесине жолугуп, окуянын чоо-жайын билүүгө аракеттенди.

Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп берип... Марттын чуулгандуу окуялары
Чачтарын бубак баскан 55 жаштагы Мукаррам эне күйөөдөн бакыт издеген кызы учурда темир тор артында экендигин айтып, көз жашын токтото албай, оор үшкүрүнөт. Бир бөйрөгү жок төрөлүп, жүрөк оорусуна чалдыккан кызынын ден соолугу үчүн катуу кабатыр болууда. Турмуштан өз ордун табууга далалат кылган кызынын оор тагдыры тууралуу төкпөй-чачпай баарын ирети менен баяндап берди.

Сөздү кызынын биринчи турмушунан жолу болбой, 40 жаштагы кишиге экинчи аялы болуп турмушка чыкканынан баштады.

© Фото / Зульфия ТургуноваЧачтарын бубак баскан 55 жаштагы Мукаррам эне күйөөдөн бакыт издеген кызы учурда темир тор артында экендигин айтып, көз жашын токтото албай, оор үшкүрүнөт...
Мать обвиняемой в убийстве первой жены супруга Мамуры Кучкаровой Мукаррам - Sputnik Кыргызстан
Чачтарын бубак баскан 55 жаштагы Мукаррам эне күйөөдөн бакыт издеген кызы учурда темир тор артында экендигин айтып, көз жашын токтото албай, оор үшкүрүнөт...

— Бир уул, беш кызды төрөп, чоңойттум. Мамура үчүнчү перзентим. 18 жашында 2000-жылы Кара-Суу районунун Киров айылына турмушка чыкты. Бирок кубанычыбыз көпкө узабай күйөө балабыз үйлөнгөндөн бир ай өтпөй эле ооруп, каза тапты. Жесир калган Мамура үйгө баса берип, анан Кадамжай районундагы Халмион базарында соода-сатык кылып иштеп жүрдү. 12 жыл мурда ошол райондук 40 жаштагы Зиябидин аттуу кишиге экинчи аял катары турмушка чыга тургандыгын айтып, макулдугубузду сурады. Атасы экөөбүз алгач каршы чыктык. Үй-бүлөлүү киши менен курган турмуш болбой тургандыгын айтып эскерттик. Бирок кайра эле кызымдын көңүлүн кыйбай аргасыз макул болдук. Күйөө балабыздын биринчи аялынан үч баласы бар экен. Кызым күндөшү менен деле тил табышып, ынтымактуу жашап жаткан.

Кызым өз күчү менен 60 миң долларга он бөлмөлүү там тургузду. Эми ошол үйдүн тарыхын айтып берейин.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атылган, уурдалган депутаттар. Кыргызстандын киши колдуу болгон эл өкүлдөрү
Ар кайсы батирде көчүп конуп жашап жүргөн кызым турак жай курууну күйөөсү менен макулдашат. Күйөө балабыз биринчи аялынын агасына таандык жер тилкесине кызым экөө жашай турган турак жай курууну пландаштырып жаткандыгын айтып калышты. Биз анда атасы экөөбүз "күндөшүң ал жерде сени жашатпайт" деп тамды башка жерге салууга кеңеш бердик. Мамуранын иши жүрүшүп, Кытайга, Индияга каттап, товар алып келип жакшы акча таба баштады. Күйөө бала кызымды аялынын агасына таандык жер тилкесине турак жай курууга көндүрүптүр. Ошентип 5-6 айдын ичинде 60 миң доллар акча сарптап, Мамура кыска мөөнөттө он бөлмөлүү үйдү куруп бүтүрдү.

© Фото / Зульфия ТургуноваАйыпталуучунун жактоочусу Нурлан Капаров соттор эч кандай далилсиз чечим чыгарды деген пикирде...
Адвокат обвиняемой в убийстве первой жены супруга Мамуры Кучкаровой Нурлан Капаров - Sputnik Кыргызстан
Айыпталуучунун жактоочусу Нурлан Капаров соттор эч кандай далилсиз чечим чыгарды деген пикирде...

Күндөшү кофеге сымап кошуп бердиң деп жалаа жапты

— 2015-жаңы жылды күйөө бала Зиябидин биринчи аялы үч баласы жана Мамура менен чогуу жаңы салынган үйдө тосушат. Тамактанып бүтөр замат байбичеси Мамурага кофе даярдап берүүсүн суранат. Кызым күндөшүнө да, өзүнө да кофе даярдап ичет. Ошол мезгилде күндөшү кофеден сымап чыккандыгын айтып, кызымды "мени өлтүрүү үчүн атайын кофеге сымап кошуп бердиң" деп чыр чыгарып, өз үйүнө балдарын алып кетет. Күйөө бала да кызым экөө жашаган үйдөн биринчи аялына кетип калат. Түнү кайра келип, ажатканадан градусниктин сыныктарын тапкандыгын айтып, милиция чакырат. Таңкы саат 4-5терде караңгыда туалеттен градусниктин сыныктарын кантип көрүп калды… Бул жерде күйөө баланын аракеттери да күмөн туудурат. Күндөшү "мени өлтүрүүгө аракет кылды" деп кызымдын үстүнөн арыз жазат. Бирок бизди шек саноого түрткөн жагдай, күндөшү ошол замат ооруканага барбастан, Өзбекстандагы санаторийге жатып алат. Ошол жактан "ууланган" деген маалымдама алып келет. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 28-97 (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренесинин негизинде иш козголот. Тергөө учурунда ал аял төрт түрдүү көрсөтмө берген. Эмне үчүн Кыргызстандагы жергиликтүү ооруканаларга барбай, Өзбекстанга барып текшерилди?..

"Үйдөн баш тартсаң, арызымды кайра артка алам"…

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасын өлтүрүп, кызын кордоп... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар
— Күмөн саноого түрткү болгон дагы бир жагдай, күндөшү кызыма келип, "эгерде өзүң тургузган он бөлмөлүү үйдөн баш тартсаң, анда мен сенин үстүңөн жазган арызымды кайра артка кайтарып алам" деп шарт коет. Демек, аял күйөөсү менен макулдашып, бир чечимге келип, үйдү тартып алуу максатында кызымды жок кылуу үчүн ушундай кадамга барышкан деген шегибиз бар. Себеби күндөшү эгерде мындай максаты болбосо, чындап эле Мамура аны ууланткан болсо, анда үйдөн баш тарт деп шарт коймок эмес. Мамура күнөөсү жоктугу үчүн жана ал тамды маңдай тери менен тапкан акчага кургандыгы үчүн үйдөн баш тартпай коет. 2017-жылдын 23-июнунда Кадамжай райондук соту ишти 105-беренеге өзгөртүп, жыйынтыгында эки жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратты. Бирок биз анын күнөөсү жоктугуна таянып, Баткен облустук сотуна доо арыз менен кайрылдык. Облустук сот кызымды 9 жылга эркиндигинен ажыратуу боюнча 15-мартта чечим чыгарды. "Сымапка ууланган" делинген Өзбекстандын санаторийинен алынган маалымдамадан башка тиешелүү далили жок туруп, кантип 9 жылга эркинен ажыратат? Сымап куюлган градусникти түнү күйөө балам ажатканадан тапкандыгы да шек жаратууда.

Башынан башка ниети болгонбу?

— Кызым күйөөсүнүн айла-амалынын арты менен темир торго түшүп калды. Бир бөйрөгү жок төрөлүп, жүрөгү да оорулуу эле. Күйөө балам Зиябидин менен кызым Мамуранын ортосунда бала деле жок. Күйөө балабыз атайын үй тургузуп алуу максатында жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, кызыма үйлөнгөндүгү ачыкка чыгып калды. Азыр ал Корея мамлекетинде качып жүрөт. Ажыга барып келген адамдын ушундай ыплас кадамга баргандыгына дагы деле таңыркап бүтө элекпиз. Бакыт издеген кызымдын бактына балта чаап кете берди…

Көрдүн жанында ыйлып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баламдын куурап калган сөөктөрүн талаадан, ар жерден жыйнадык. Жалгыз бой эненин муңу
Биз келиндин атасы Ахмаджон Кучкаровду кепке тарттык. Ал эгерде кызынын күнөөсү жок экендиги далилденип, сот аны актап калса, Мамура Кучкарова тургузган тамды балдар үйү катары мамлекетке өткөрүп бере тургандыгын билдирди.

Айыпталуучунун жактоочусу Нурлан Капаров соттор эч кандай далилсиз чечим чыгарды деген пикирде.

Бул ишти көзөмөлгө алууну өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумагуловго жана акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылуу кат жолдогондугун билдирди.

Экинчи тарап жооптон баш тартты

Ал эми бул окуя боюнча айыпталуучунун жолдошу Зиябидин Кулдашовдун пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени ал учурда Корея мамлекетинде экендиги белгилүү болду. Ал эми анын биринчи никесиндеги жубайы менен байланышканыбызда комментарий берүүдөн баш тартты.

Эркиндигинен ажыратылган Кучкарова убактылуу кармоочу жайдан Жалал-Абад шаарындагы аялдардын Жаза аткаруу мекемесине которулуп, мөөнөтүн өтөп жатат.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан күйөөсүнүн экинчи аялы бар экенин билгенден кийинки ички сезимдери менен бөлүшкөн келиндин катын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0