БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн катардагы авиакаттам менен Ош шаарына учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы тастыктады.
Бүгүн социалдык тармактарда Жээнбеков эл менен аралашып, кадимки эле каттамдагы учакка отуруп Ош шаарына учуп барганы туурасында талкуу жаралган.
Теле алып баруучу Нурсултан Майназаров өзүнүн Instagram баракчасына президент Жээнбеков менен бир учакта учуп бара жатканы тууралуу айткан видеону жүктөгөн. Анда ал борттогу жүргүнчүлөргө “Президент биздин арабызда бара жатат” деп айтканда, эл кол чаап жибергенин көрүүгө болот.
“Президент бүгүн үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу Ошко жөнөкөй каттам менен учту. Тагыраагы, биртууган агасынын жылдыгына барды”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкө башчынын агасы Кантөрө Токтомаматов өткөн жылдын 28-апрелинде 70 жаш курагында каза болгон.
Спутник сайттарынын пайдалануучуларын алардын баракчасы же социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу каттоо жана активдештирүү бул эрежелерди сактоо боюнча макулдашуудан кийин гана жүргүзүлөт.
Колдонуучу өз аракеттери менен улуттук жана эл аралык мыйзамдарды бузбоо милдетин алат. Пайдалануучу талкуунун башка катышуучуларына, окурмандарга же макалалардагы баян этилген адамдарга карата абдан сый мамиле кылууга милдеттендирилет.
Материалдын негизги мазмунундагы тилден айырмаланган тилдеги пикирлерди администратор өчүрүп коюуга толук акысы бар.
Пикирлер төмөнкүдөй учурларда өчүрүлөт:
Администрация алдын ала эскертүүсүз эле колдонуучуну баракчага кире алгыс кылып, же пикир калтыруунун эрежелерин бузган шартта, же анын аракеттеринен ушундай белги байкалса, аккаунтун өчүрүп салууга акылуу.