Бишкекте сакура багы гүлдөдү. Калаанын чок ортосундагы ажайып көрүнүш

© Фото / пресс-служба МП "Зеленхоз"Борбор калаада сакура багы гүлдөдү
Борбор калаада сакура багы гүлдөдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундары бактын гүлдөп жатканын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен байкай алышат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Борбор калаада сакура багы гүлдөдү. Бул тууралуу "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы кабарлады.

Эске салсак, япондордун багы былтыр май айында "Жомок" фонтанынын жанына отургузулган.

Сакура — бул жапайы алча. Ал япон элинин улуттук символу болуп эсептелет.

Калаа тургундары бактын ажайып гүлдөп жатканын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүн кесилишинен байкай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0