Өнөрлүү өлбөйт! Көз майын коротуп, бисер тизип, ырахат алган уз

© © SputnikПоделки изготовленные мастером-рукодельницей из Балыкчи Анарой Курманалиевой
Поделки изготовленные мастером-рукодельницей из Балыкчи Анарой Курманалиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир шуруну, ар бир илмегин санап отуруу — чоң жумуш жана талант. Мындай өнөрдүн ээси Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева.

Кызыгы, биздин каарман ийне көзүн карабаса, жаңыча нерсе жаратпаса кыжалат боло баштайт. Түймө түйөт, бисерден, гезит-журнал барактарынан ар кандай кооз буюмдарды жасайт жана курак курап, төшөк тигет.

© © SputnikКол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева
Кол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева
© © SputnikАнын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон
Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон - Sputnik Кыргызстан
2/5
Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон
© © SputnikБайпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат
Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат
© © SputnikАл бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди
Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди
© © SputnikКурманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады.
Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады.
1/5
Кол өнөрчү, Балыкчы шаарынын жашоочусу Анара Курманалиева
2/5
Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон
3/5
Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат
4/5
Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди
5/5
Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады.

Биз Анара Курманалиеваны кепке тартып, көп эмгекти талап кылган чыгармачылыгы тууралуу сурадык.

Анын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу 13 жашында ойгонгон. Байпак, башмак, жемпирлердин түрү колунан чыгат. Чыгармачылыктын дагы бир түрүнө кантип кызыгып калганын эстеди.

"Бир күнү ооруканага барып, справкага кол койдурганы башкы дарыгердин кабинетине кирсем, ал жакта майда шурудан (бисерден) жасалган жакшынакай гүл көзүмө илинди. Ошондон баштап абдан кызыгып, көбүнчө бак, бутак, жаныбарлардын түрлөрүн, гүлдөрдү курай баштадым. Андан кийин кагаздан кооз буюмдарды жасаганга кызыгып калдым", — деди Курманалиева.

Ал бисер-гүлдү жасаганга канча убакыт кетээрин айтып берди.

Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет - Sputnik Кыргызстан
Баткендик уста аял Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүүчү машина оңдоп келет
"Эгерде жылбай, алаксыбай отурсам анда бир күндө бүтүрө алам. Аял кишинин жумушу бүтпөйт эмеспи, ошондуктан үй жүмуштары менен кошо 2-3 күндө бүтүргөнгө туура келип калган да күндөр болот. Андай убакта көбүнчө түнү иштейм", — деди биздин каарман.

Курманалиева буга чейин болжол менен 150дөн ашык бисер буюм тизгендигин кошумчалады.

Кол өнөрүчүлүк демекчи, Баткенде 70 жаштагы аксакал Козубай Маматов кыздарга сеп даярдап, жууркан каптайт экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0