Ош базарындагы өрттөн жабыркап, митингге чыккандар

"Ош" базарындагы өрттөн жабыркагандар өкмөт үйүнө кирип кетишти

294
(жаңыланган 17:06 16.04.2018)
Сатуучулар "Ош" базары улам өрттөнө бергени үчүн митингге чыккан. Соңку ирет базарды өрт жума күнү каптаган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Ош" базарындагы өрттөн жабыркап, митингге чыккандардын өкүлдөрү өкмөт үйүнө сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Бүгүн өкмөт үйүнүн алдына 100гө чукул киши чогулуп, өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн базардын жетекчисин жазалоо жана чыгымды төлөтүү талабын койгон.

Өкмөт үйүнүн имаратына 10го чукул киши кирди.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаков жыйын өткөрүп, өрттөн жабыркаган соодагерлерге жардам берүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, кырсыктан жапа чеккендерди атайын түзүлгөн комиссия аныктамай болгон.

294
Белгилер:
талап, соодагер, митинг, өрт кырсыгы, Ош базары
Тема:
"Ош" базарындагы үчүнчү өрт (25)
Тема боюнча
"Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Коюлган талаптар
Исаков эки базардагы өрттөн жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды
"Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерди атайын комиссия аныктайт
Пикирлер