Успех кыргызстанцев в олимпиаде MIYIO — 2018 молодых изобретателей в Малайзии

Бишкектин ойлоп тапкыч окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 9 медаль утушту

559
(жаңыланган 09:15 17.04.2018)
Эл аралык олимпиадага 20 өлкөдөн барган 638 окуучу катышкан

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары Малайзия эл аралык жаш ойлоп табуучулардын VII олимпиадасынан (MIYIO — 2018) тогуз медаль утушту. Бул туурасында аталган лицейдин окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Рустамбек Сатыбалдыев билдирди.

Олимпиада Малайзиянын Пенган шаарында 13-15-апрель күндөрү өткөн. Ага 20 өлкөдөн барган 638 окуучу 319 долбоор менен катышкан.

  • Успех кыргызстанцев в олимпиаде MIYIO — 2018 молодых изобретателей в Малайзии
    Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары Малайзия эл аралык жаш ойлоп табуучулардын VII олимпиадасынан (MIYIO — 2018) тогуз медаль утушту.
    © Фото / Садыр Муратов

1 / 2
© Фото / Садыр Муратов
Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары Малайзия эл аралык жаш ойлоп табуучулардын VII олимпиадасынан (MIYIO — 2018) тогуз медаль утушту.

"Биздин лицейден 18 окуучу, эки-экиден команда болуп 9 долбоор даярдап барышкан. Жыйынтыгында эки алтын, бир күмүш жана алты коло медаль алышты. Мындан сырткары, 319 долбоордун ичинен калыстардын өзгөчө тандоосуна татыган беш долбоордун ичине биздин окуучулардын медицина боюнча бир долбоору да кирди. Бул абдан жакшы жетишкендик жана чоң көрсөткүч", — деди Сатыбалдыев.

Ошондой эле ал олимпиадага негизинен 9-10 класстын окуучулары катышканын, бирок 7-класста окуган Ильяз Талантбек уулу да долбоор даярдап барып 2-орунга ээ болгонун кошумчалады.

559
Белгилер:
окуучу, медаль, олимпиада, лицей, Малайзия
Тема боюнча
Кен казууну жеңилдетчү окуучулар. Өспүрүмдөр жасаган жабдуунун видеосу
Алматыда өткөн билим олимпиадасында кыргызстандыктар 7 медалга ээ болду
АКШдан "Гений" болуп кайткан окуучуларды мекенинде өзгөчө шаң менен тосуп алышты
Пикирлер