Товары күйүп кеткен ишкерлердин насыясынын шарты кайра каралып чыгат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВстреча премьер-министра Сапара Исакова с предпринимателями пострадавшими в результате пожара на Ошском рынке Бишкека
Встреча премьер-министра Сапара Исакова с предпринимателями пострадавшими в результате пожара на Ошском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ош" базардын аймагындагы "Берекет" майда дүң соода борборунда 13-апрелдин таңында өрт чыгып, жалын 5400 чарчы метр жерди жалмаган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Ош" базарында 13-апрелдин таңында товары күйүп кеткен сатуучулар менен жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен өкмөт имаратынын алдында өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыккан болчу.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков "Ош" базарында 13-апрелдин таңында товары күйүп кеткен сатуучулар менен жолукту
Премьер-министр Сапар Исаков Ош базарында 13-апрелдин таңында товары күйүп кеткен сатуучулар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков "Ош" базарында 13-апрелдин таңында товары күйүп кеткен сатуучулар менен жолукту
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБелгилей кетсек, бүгүн эртең менен өкмөт имаратынын алдында өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыккан болчу.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен өкмөт имаратынын алдында өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыккан болчу. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен өкмөт имаратынын алдында өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыккан болчу.
1/2
Премьер-министр Сапар Исаков "Ош" базарында 13-апрелдин таңында товары күйүп кеткен сатуучулар менен жолукту
2/2
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен өкмөт имаратынын алдында өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыккан болчу.

Жолугушууда премьер келтирилген чыгымды эсептеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айтып, алар жабыркаган ишкерлердин тизмесин аныктап жатканын белгиледи.

Ош базарындагы үчүнчү өрт - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерди атайын комиссия аныктайт
Исаков экономика министрине жабыркаган ишкерлерден документтерди чогултуу, Салык кызматына салык төлөөдө мөөнөтүн узартуу жана Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле жабыркаган ишкерлердин коммерциялык банктарга болгон насыяларын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болорун айтып, кырсыктын себептерин изилдөө анын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

"Премьер-министр базардын ээлери менен сатуучулар үчүн бардык шарты бар соода жайын куруу, ошондой эле ишкерлерге ижара акысын убактылуу төмөндөтүү боюнча базар ээлери менен сүйлөшүүлөр болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн

Жаңылыктар түрмөгү
0