Жамгырда бараткан атчандар. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

139
(жаңыланган 15:05 17.04.2018)
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Таласта 12…17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 15…20 градус нөлдөн жогору болоору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын аймактарында күн 14…19 градуска жылыйт.

Бишкек менен Ош шаарларында күндүз жаан жаап, 18…20 градус жылуу болот.

139
Белгилер:
күн, шамал, аба ырайы
Тема боюнча
Жылуу кийингиле, күндүн көзү бузулат! Бир жумага карата аба ырайы
Пикирлер