Ош базарындагы өрт. Архивдик сүрөт

Исаков банкирлер менен базардагы өрттөн жабыркагандарга жардам берүүнү сүйлөштү

218
(жаңыланган 23:53 16.04.2018)
Негизги сөз товарларын тилсиз жоого алдырып жибергендердин насыялары туурасында болду

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен Бишкек, Жалал-Абаддагы базарлардагы өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам кылуу маселесин талкуулоо үчүн жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Исаков жолугушууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүүдө күч-аракетти бириктирүү, кредиттер боюнча үстөк пайыздарды төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, пайыздарды эсептөө мөөнөтүн жылдыруу туурасында айтты. Андан сырткары жабыркаган ишкерлерге насыя берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Банктардын, микрокредиттик уюмдардын жетекчилери жабыркагандарга көмөк көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн. Ушул эле күнү Жалал-Абаддын борбордук базарында өрт чыгып, соодагерлерге бир топ зыян тарттырган.

218
Белгилер:
банк, соодагер, Өрт, базар, Сапар Исаков, Жалал-Абад, Бишкек
Тема боюнча
"Ош" базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Коюлган талаптар
"Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерди атайын комиссия аныктайт
"Ош" базарындагы өрт 16 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү
Пикирлер