БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өзгөртүүлөр киргизилгенге дейре акчалай компенсация катталган жери боюнча берилип келген. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу (алуучулардын көп бөлүгү кары-картаңдар), мүмкүнчүлүгү чектелген жактар майыптыгын тастыктаган, же кайра күбөлөндүрүүчү документтерди кагаз жүзүндө тапшырып турушкан.
Жаңы жобого ылайык төмөнкүлөр киргизилди:
— акчалай компенсацияны жарандын жашаган жери боюнча, арыз берүүчүнүн каттоосун талап кылбастан дайындоо;
— арыз берүүчүдөн талап кылынган документтердин ичинен жашаган жеринен маалымдаманы жоюу;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзүүсү каралган.
Спутник сайттарынын пайдалануучуларын алардын баракчасы же социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу каттоо жана активдештирүү бул эрежелерди сактоо боюнча макулдашуудан кийин гана жүргүзүлөт.
Колдонуучу өз аракеттери менен улуттук жана эл аралык мыйзамдарды бузбоо милдетин алат. Пайдалануучу талкуунун башка катышуучуларына, окурмандарга же макалалардагы баян этилген адамдарга карата абдан сый мамиле кылууга милдеттендирилет.
Материалдын негизги мазмунундагы тилден айырмаланган тилдеги пикирлерди администратор өчүрүп коюуга толук акысы бар.
Пикирлер төмөнкүдөй учурларда өчүрүлөт:
Администрация алдын ала эскертүүсүз эле колдонуучуну баракчага кире алгыс кылып, же пикир калтыруунун эрежелерин бузган шартта, же анын аракеттеринен ушундай белги байкалса, аккаунтун өчүрүп салууга акылуу.