Ысык-Көлдөгү ат майданын өзгөчө кырдаалдан коргоо үчүн 2 объект курулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепетин жок кылуу боюнча 33 объектиде иш жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Быйылкы жылы бардыгы болуп Ысык-Көл облусунда 36 өзгөчө кырдаалдан коргоо объектилеринде иш жүргүзүлөрүн ӨКМдин өкүлү Замир Жумагазиев билдирди.

Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Бишкектин жанына жаңы шаар курууну сунуштады
Маалыматка ылайык, 2018-жылы капиталдык куруу жаатында Ысык-Көл облусу боюнча үч объект каралган, анын эки объектисинде азыркы тапта иш жүргүзүлүп, бүткөндөн кийин 220 турак үй жана ат майдан өзгөчө кырдаал кооптуулугунан арылат.

Кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепетин жок кылуу боюнча 33 объектиде иш жүргүзүлүп жатат. Бул объектилер 53 турак үйдү жана 50 гектар айдоо аянтын коргоп турат.

Негизинен республика боюнча быйыл 374 өзгөчө кырдаалдан коргоо объектилеринде иш жүргүзүү пландаштырылганын ӨКМ баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0