"Ш.Баатыр", "Б.Баатыр" көчөлөрү. Мэрия баатырлардын атын кырка чапканда

© Sputnik / Табылды КадырбековТаблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке
Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ш. Баатыр", "Б. Баатыр" дегенде эмнени түшүндүңүз? Мындай сөздөрдү Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн аты катары жазып коюшкан. "Ш" менен "Б" кайсы баатыр экени табышмак. Өзүңүз ой жүгүртүп таап көрүңүзчү?..

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Элдик Апрель революция күнүн утурлай борбор калаанын Шабдан баатыр көчөсү 7-Апрель болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган. Ошол эле учурда көчөгө жаңыдан коюлган аты жазылган таблолор илинген.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган.
Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековШаабдан баатыр көчөсүнө илинген такталардан олуттуу катаны көрүүгө болот.
Шаабдан баатыр көчөсүнө илинген такталардан олуттуу катаны көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Шаабдан баатыр көчөсүнө илинген такталардан олуттуу катаны көрүүгө болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш.Баатыр" деп жазылган.
Көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин Ш.Баатыр деп жазылган. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш.Баатыр" деп жазылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековУшундай эле көрүнүш Байтик баатыр көчөсүндө да кездешет.
Ушундай эле көрүнүш Байтик баатыр көчөсүндө да кездешет. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ушундай эле көрүнүш Байтик баатыр көчөсүндө да кездешет.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө одоно ката менен жазылган 20дан ашуун такта илинип турат.
Көчөдө одоно ката менен жазылган 20дан ашуун такта илинип турат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Көчөдө одоно ката менен жазылган 20дан ашуун такта илинип турат.
1/5
Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан даткага чейинки бөлүгүнө Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган.
2/5
Шаабдан баатыр көчөсүнө илинген такталардан олуттуу катаны көрүүгө болот.
3/5
Көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш.Баатыр" деп жазылган.
4/5
Ушундай эле көрүнүш Байтик баатыр көчөсүндө да кездешет.
5/5
Көчөдө одоно ката менен жазылган 20дан ашуун такта илинип турат.

Анткен менен Шаабдан баатыр көчөсүнө илинген такталардан олуттуу катаны көрүүгө болот. Көчөнүн эки тарабына башынан-аягына чейин "Ш. Баатыр" деп жазылган 20дан ашуун такта илинип турат. "Шабдан баатыр" деп толук жазылганын күндүзү чырак менен да издеп таппайсыз.

Ушундай эле көрүнүш Байтик баатыр көчөсүндө да кездешет. Максим Горький көчөсү менен кесилишкен аймактагы эки жерде "Б. Баатыр көчөсү" деген такта көзгө урунат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБайтик баатыр көчөсүндө дагы эки жерде "Б.Баатыр көчөсү" деген такта көзгө урунат
Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Байтик баатыр көчөсүндө дагы эки жерде "Б.Баатыр көчөсү" деген такта көзгө урунат

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Бактыбек Айтиев бул одоно ката экенин айтып, сөзсүз түрдө алмаштыруу керектигин баса белгиледи.

"Мындай көрүнүш — өтө чоң ката жана уят нерсе. Бул жерде мамлекеттик тилди жана ысымы ыйгарылган Шабдан чоң атабызды басмырлап, мазактап жатышат. "Баатыр" деген жөн гана чин да. Эгер кыскартабыз десе жок дегенде "Шабдан Б." деп жазса түшүнүктүү болмок. Буга карата чара көрөбүз эми. Карап чыгып мэрияга да кат жолдойбуз", — деди Айтиев.

Шабдан баатыр көчөсүнө такта илүү иши менен мэриянын алдындагы "Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасы алектенген. Ошол эле учурда мэрия дагы ката кеткенин танган жок.

"Көчөгө такта илүү иштери 7-апрелге караган түнү жасалган. Башында мындай катаны байкабай калышыптыр. Бирок эртеңкиге чейин баары оңдоп жазылып, кайра башынан илинет. Көчөнүн аты жазылган тактаны демөөрчүлөр каржылап, бюджеттен акча кеткен эмес", — деп айтылат маалыматта.

Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Көсөнүн акылы түштөн кийин... Мэрия "Ш.Баатыр" дегенди түнү менен алмаштырып чыкты
Шабдан Жантай уулу Чүй өрөөнүнүн Көк-Жар жайлоосунда (азыркы Он бир жылга айыл өкмөтү) 1839-жылы туулган. Кемин өрөөнүндө жашаган сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан. 1912-жылы дүйнөдөн өткөн.

Байтик Канай уулу Чүй өрөөнүндө азыркы Байтик айылында 1823-жылы туулган. Солто уруусунун чоң манаптарынын бири болгон. Байтик баатырдын түп аталары Тагай бийге барып такалат. Ал Орто Азияда Кокон хандыгы үстөмдүгүн жүргүзүп турган доордо жашаган. 1886-жылы 62 жаш курагында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0