Бишкек туристтер жазында көп каттай турган 10 шаардын катарында

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на площадь Ала-Тоо в центре Бишкека
Вид на площадь Ала-Тоо в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке адатта туристтер эки күнгө келип, суткасына 65 доллардан сарптайт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек россиялык туристтер жазгы эс алууга барууну каалаган КМШнын ичиндеги 10 шаардын катарына кирет. Бул тууралуу ТурСтат аналитикалык агенттиги билдирди.

Эң популярдуу туристтик багыттарды изилдөөнүн жыйынтыгында туристтер жаз мезгилинде баргысы келген шаарлардын катарына Бишкектен тышкары Минск, Астана, Баку, Ереван, Алматы, Ташкент, Кишинев, Душанбе жана Ашхабад кирди.

"Бишкекке адатта туристтер эки күнгө келип, суткасына 65 доллардан сарптайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Арзандыгы жагынан Кишинев менен Ташкент башкы орундарды ээлейт. Ал эми акчасын чачкысы келгендер Астана менен Бакуга барышат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0