Мамэкотехинспекция: Ак-Бууранын жээгиндеги таштандыдан оору тарашы мүмкүн

© Sputnik / Айша КамиловаРабота Ошского муниципального предприятия "Ошгорводоканал"
Работа Ошского муниципального предприятия Ошгорводоканал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башаламан жайгашкан таштандыга жакын жерде үйлөр жана соода жайлары орун алган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерине чогулуп кеткен таштандыларды тез арада алып чыкпаса, жугуштуу оорулардын күчөп кетүүсүнө алып келүүсү мүмкүн. Бул туурасында Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынан кабарлашты.

"Таштандынын арасында мал-жандыктардын тарпы ирээтсиз ташталып кеткен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир нече жолу эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргөнү менен, айрым айылдык аймактар инспекторлордун койгон талаптарын тоготпой келет", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстаныбызды көрктүү кылалы! Сапар Исаков элди "Таза жашоого" чакырды
Билдирмеде башаламан жайгашкан таштандыга жакын жерде үйлөр жана соода жайлары орун алгандыгы айтылган.

Маалыматта аталган инспекциянын адистери Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги акыр-чикирди тазалабаганы үчүн "Сулайман-Тоо – 3" аймактык кеңешинин жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чара көрүү үчүн материалдарды даярдап жатканы айтылган.

Буга чейин Бишкектин түштүк тарабында тоону көздөй кеткен тараптагы "Кара-Булак" этнокомплексине жакын жер таштандыга көмүлгөн видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0