Өрт белгисиби? "Ош" базарында калемпир менен тартылган кызыл чийиндер чочутууда

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Ош" базарынын аймагындагы "Кыял" чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду.
Ош базарынын аймагындагы Кыял чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-апрелге караган түнү "Кыял" чакан базарынын аймагында табышмактуу чийиндер пайда болгон. Буга чейин мындай көрүнүш базардын өрттөнүп кеткен аймактарында дагы болгону айтылды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Ош" базарынын аймагындагы "Кыял" чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өз коопсуздугунан чочулап, атын атагысы келбеген сатуучулар билдирди.

Алардын айтымында, мындай тегеректер "Ош" базарында буга чейин күйүп кеткен жерлерде дагы коюлган. Бирок ал учурда сатуучулар көңүл бурган эмес.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Ош" базарынын аймагындагы "Кыял" чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду.
Ош базарынын аймагындагы Кыял чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Ош" базарынын аймагындагы "Кыял" чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду.
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуАлардын айтымында, мындай тегеректер "Ош" базарында буга чейин күйүп кеткен жерлерде дагы коюлган. Бирок ал учурда сатуучулар көңүл бурган эмес.
Алардын айтымында, мындай тегеректер Ош базарында буга чейин күйүп кеткен жерлерде дагы коюлган. Бирок ал учурда сатуучулар көңүл бурган эмес. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алардын айтымында, мындай тегеректер "Ош" базарында буга чейин күйүп кеткен жерлерде дагы коюлган. Бирок ал учурда сатуучулар көңүл бурган эмес.
1/2
"Ош" базарынын аймагындагы "Кыял" чакан базарында кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болду.
2/2
Алардын айтымында, мындай тегеректер "Ош" базарында буга чейин күйүп кеткен жерлерде дагы коюлган. Бирок ал учурда сатуучулар көңүл бурган эмес.

"Кара жана кызыл калемпирден себеленип чийилген тегеректер "Кыял" базарынын аймагында 17-апрелге караган түнү саат үчтөрдө пайда болду. Кароолчулар базарды саат 2.30да кыдырып чыкканда шек жараткан эч нерсе жок болчу. Кийинки текшерүүгө үч сааттан кийин чыкканда ушул тегерекчелер табылды. Базар аймагы толугу менен бекитилип турган", — деди сатуучулардын бири.

Ошондон кийин соодагерлердин арасынан 20дан адам түнкүсүн чыгып, күзөтчүлөр менен бирге кайтармай болду. Алар толук коопсуздукту сезмейинче ошол жерде болорун айтышты.

Бишкек ШИИБинен "Ош" базарында чыккан өрт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык түшкөн маалыматтар текшерилип жатканы кабарланды.

Эске салсак, 13-апрелде "Ош" базарында үчүнчү жолу ири өрт чыккан. ӨКМ Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон өрт атайылап коюлган деп айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0