Кыргызстанда канга муктаждар жана донорлор үчүн тиркеме пайда болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЦентр переливания крови ФМБА России
Центр переливания крови ФМБА России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан тапшыра тургандар жана ага муктаж болгондор зарыл болгон адамдарды Donor.kg деп аталган

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кан куюуга муктаждар адамдар жана донорлор үчүн тиркеме пайда болду. Бул туурасында Исхак Разаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин кабарлашты.

Тиркемени аталган окуу жайдын студенттери иштеп чыккан. Ал Республикалык кан куюу борборунда каттоодо турган донорлордун арасынан онлайн-тартипте тийиштүү топтогу кандын ээсин табууга жардам берет. Аталган борбордо учурда 5000ге чукул адам донор катары каталган.

"Канга муктаж болуп жаткан адам туурасында маалыматтарды киргизгенде эле система тиешелүү донорду өзү таап берет", — деп айтышты тиркемени иштеп чыккандар.

Donor.kg тиркемелерин Play Market менен AppStore системасы менен колдонсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0