Жанар Акаев Көчмөндөр оюндарын насыяга өткөргөн тойго салыштырды

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014 жана 2016-жылы өткөрүлгөн. Үчүнчүсү быйыл сентябрь айында болмокчу.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөрүп турууну сунуштады.

Эскерте кетсек, ушу тапта парламент премьер-министрликке Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин карап жатат.

Акаев мисалга Олимпиада оюндарын келтирди.

"Бизде акча жок, насыя алып өткөрүлгөн тойго окшошуп калды. Андан көрө ал каражатты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берели. Мен Оюндардын өзүнө каршы эмесмин, бирок эки жылда бир өткөрүү туура эмес", — деди эл өкүлү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014 жана 2016-жылы өткөрүлгөн. Үчүнчүсү быйыл сентябрь айында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0