Ош менен Бишкектин айрым жеринде газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газ оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания мындай кадамдар оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарларынын айрым бөлүгүндө газ берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-апрель күнү саат 9.00дөн 17.00гө чейин Оштун Курманжан датка көчөсү менен "Черемушка" кичирайонунда көгүлтүр от болбойт. Ал эми 24-27-апрель күндөрү Бишкек шаарынын "Аламүдүн-1" кичирайонунда, Энергетик, Куруучулар шаарчаларында, Загорская, Садовая, Токмок көчөлөрү менен Жеңиш проспектисинде газ токтотулат.

Компания мындай кадамдар оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0