Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин архивдик сүрөтү

Медведев Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады

140
(жаңыланган 20:12 21.04.2018)
Куттуктоо телеграммасында Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып тураары жазылган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Куттуктоо телеграммасында Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып тураары жазылган.

"Мындан аркы соода-экономикалык өз ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем", — деп жазылат телеграммада.

Соңунда Россиянын өкмөт башчысы Абулгазиевге ден соолук жана иштерине ийгилик каалап өткөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде жаңы премьер-министр менен анын орун басарлары кабинеттерине жайгашты.

140
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, Дмитрий Медведев, Россия, Кыргызстан
Тема:
Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөт башчылыгына дайындалышы (19)
Тема боюнча
Президент Жээнбеков Абулгазиев башында турган өкмөттү дайындады
Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтү
Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?
Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты