Учурда Самиева "Апрель" телеканалындагы таңкы программанын продюсери жана жаңылыктар бөлүмүнүн алып баруучусу. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, үй-бүлөсү, кызматы жана алып баруучулук кесиби тууралуу айтып берди.
— Сизди эрезеге жеткирген ата-энеңиз жана балачагыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
— Алай районунун Гүлчө айылында төрөлүп өстүм. Үй-бүлөбүз чоң, алты кыз, бир уулбуз. Бардыгы үйлүү-жайлуу, турмуштан өз ордуларын таап, билим алышкан. Алты жашыман баштап апам бизди жалгыз тарбиялады. Кудайдын буйругу экен, атам автокырсыктан каза болуп калган. Балалык кезим союз ураган маалындагы кыйын кезге туш келсе да эрке өстүм. Бирок жумуш жасап, жоопкерчилик тартканды эрте үйрөндүк. Апамдын жети баланы тарбиялап, кийиндирип-ичиндирип, кем кылбай чоңойткону азыркыга чейин дем берет. Мен муну эне болгондо түшүндүм.
— Мектепте кандай окудуңуз?
— Сабакты жакшы окуган, коомдук-маданий иштерден калбаган активдүү окуучу болчумун. Мектепти кызыл диплом менен аяктагам. Музыкалык окуу жайда окуп, жакшы бийлечүмүн. Ошондо эле алып баруучулукка жөндөмүм бар болчу.
— Татынакай кыз болсоңуз керек. Сулуулук сынактарына катышып калдыңызбы?
— Студенттик күндөр кандай өттү?
— Окууга өткөнүм өзүнчө бир окуя. Оштон эки окуу жайга, борбордон "Манас" университетине өткөм. Мен албетте, шаардан окугум келди. Апам Оштон дейт. Себеби өзү борборго буту баса элек болчу, жаш кызын жибергенден коркту. Бишкекте тууган-урук да жок эле. Анда "Манас" окуу жайы жаңы ачылган. Ортодо "университет түрктөрдүкү, алар Түркияга алып кетет" деп бузгандар болду. Жалгыз Жеңишбек агам колдоду. Экөөбүз апама айтпай аттестатты борборго жөнөтүп ийдик. Апам ачууланганы менен туура түшүндү.
Борборго келип бир жыл батирде, төрт жыл жатаканада жашадым. Студенттик күнүм окуу, билим, изденүү менен өттү. Биздин окуу жайдагылар окуп эле бергиле деп шарттын баарын түзүп берчү. Ишенесизби, "Ала-Тоо" аянтын үч айдан кийин көргөм.
— Алып баруучулукка капыстан келип калганыңыз чынбы?
— Кесибим — экономист. Алып баруучу болом деп эч убакта ойлогон дагы, кыялданган дагы эмесмин. Керек болсо тойго барганда камерадан качкан кыз болчумун. Курбум Наргиза Юлдашева НТС каналында аба ырайын алып барганга кастинг жүрүп жатканда алып келген. Ошол учурда апамдар Беловодское айылына көчүп келип калды. Эмне болсо да иштеп акча табышым керек дедим. Аба ырайын тааныштырып жүрүп, үч айдан кийин жаңылактар бөлүмүнө которушту. Алгачкы жолу эфирге чыккан күнүм эч убакта эсимден кетпейт, кийип чыккан пиджагымды сактап алгам. Жаңылык окуйсуң деген күнү аябай толкунданып жүрдүм. Эфир бүткөндөн кийин устатым Павел Штельмах "сонун болду" дегенде сүйүнгөнүмдөн ыйлагам. Кудай буюруп иштеген жеримдеги жетекчи, кесиптеш, устаттарым жакшы чыкты. Андан кийин 11 жылымды 5-каналга арнадым.
— 5-каналды "Апрелге" алмаштыруу кыйын болдубу?
— Ошол эле кесиптештер башка жерге көчүп баргандай болдук. Ал эми жаңы келгендер менен бат эле камыр-жумур болуп кеттик. 5-каналдын жамаатын ынтымак кармап турат деп кесе айта алам. Албетте, каналдан кетүү кыйын болду. Биз ал жерде жүрүп турмушка чыгып, балалуу болуп, дос-тааныш күттүк.
Жаңы жумуштагы берүүлөрдүн форматында өзгөчөлүк бар. Маселен мурда жаңылыкты отуруп окусак, азыр тексттердин айрымдарын өзүбүз жазып, коноктор менен сүйлөшүп, ары-бери басып, берүүлөрдү эркин алып барабыз. Ал эми эртең мененки программаларда маалыматтык форматты көбүрөөк тандап алдык. Башкача айтканда, таң эрте 07:00дөн баштап өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштырып турабыз. Командамды тың, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү деп тайманбай айта алам.
— Салттуу суроолордун бири, эфир учурунда кандай кызыктуу окуяларга туш болгонсуз?
— Камера алдында ар кандай болот. Маселен техникалык себептерден улам, же адамдык фактор дейбизби, чүчкүрүп-бышкырып иесиң. Булардан качып кутулуу мүмкүн эмес.
5-канал 15-кабаттан орун алган. Бир күнү түз эфирде жаңылык окуп жатсам, кокустан жер титирей баштады. Мен отурган орундук, стол, камералар титиреп, ары-бери кыймылдап жатты. Студиянын сыртында ызы-чуу. Мен столго бекем таянып алып, башыма шып түшсө да мейли деп текстимди аягына чейин окудум. Эфир ыйык, журналисттин бир күндүк эмгегин элге жеткирүү — чоң жоопкерчилик.
Сүйүп окуган темалар — өлкөнүн жетишкендиги. Кайсы тарабынан болбосун берилүү менен окуйм.
— Журналистиканын башка багыттарынан да өзүңүздү сынап көрөйүн деген ой барбы?
— Былтыр 5-каналда жүргөндө түрк сериалын которуп, үнүн коштодук. Журналисттер саунд актер болот деген түшүнүктү биз киргиздик окшойт. Биринчи которгон сериалыбыз "Эр жүрөк жана Сулуу" болду. Анда мен күйөөсүнүн атасын өзүнүн атасы өлтүрүп койгон башкы каармандын үнүн коштогом. Экинчиси Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде түрктөр сериал тартып, мен Аселдин үнүн коштодум. Үч айдан бери "Апрель" телеканалында кечки жаңылыктарды окуп, таңкы берүүнүн продюсери кызматын аркалап келем. Кыскасы өзүмдү азыр жетекчиликтен сынап жатам.
— Аялдык турмушуңуз тууралуу айта кетсеңиз?
— Бул теманы көп козгогум келбейт. Жашоодогу эң чоң жетишкендигим — эне болдум. Айэркем 7 жашта. Кызым менин күйөрманым, стилистим, тамашалап PR менеджерим деп коем. Ал фильмдерди которуп жатканымды билчү. Элге тартуулана электе эле бала бакчадагыларга апам тигинин ролун коштоп жатат, көргүлө дей бериптир.
— Өзүңүздү сулуу деп эсептейсизби?
— Албетте!
— Сыры эмнеде?
— Тамакты мүнөздөп ичем. Косметологдун кеңештерин алып турам. Келбетимди бир калыпта кармаш үчүн бийге барам. Залга барып, спорт менен машыгып көрдүм. Тер агызып, булчуң чыңаганга жарабайт экем.
— Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
— Кызым бой жетип калат экен, анын бактылуу экенин көрүп, ал мени менен, мен аны менен сыймыктансам экен деп тилейм. Эл-жер көрүп саякаттагым келет. Жумуш жаатында көп пландар бар.
— Теледе дагы канча убакыт болосуз?
— Камера алдында пенсияга чыксам деле ыраазымын.
Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.
— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.
— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.
— Көбөйтүү жолу кандай болот?
— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.
— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?
— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.
— Кыял-жоруктары кандай болот экен?
— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.
— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.
— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?
— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.
— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?
— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Жапаров.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.