Россия Кыргызстан менен Казакстандын товары жүктөлгөн фураларды артка жөнөттү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга киргизүүгө аракет кылынган товарлардын тиешелүү сертификаты болгон эмес.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстанда өндүрүлгөн азык-түлүк жана көчөттөрдү фураларга жүктөп, Россияга алып керүүгө аракет кылып жаткандар кармалгандыгын Россиянын айыл-чарбаны көзөмөлдөө органы билдирди.

Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Россияда суроо-талап көп болгон Кыргызстандын товарлары аталды
16-апрель күнү кармалган жүк ташуучу унаада 600 килограмм жашылча (капуста, бадыраң, помидор, чамгыр), мөмө дарактарынын үч миң жана розанын 10 миң көчөтү болгон. Баарынын тең фитосанитардык сертификаты болгон эмес.

Ал эми 17-апрелде кармалган унаалара Казакстанда өстүрүлгөн 500 килограмм, Кытайда өндүрүлүп, Казакстанга алып келинген алты тонна помидор жана Кыргызстанда өстүрүлгөн 19,9 тонна капуста ташып бара жаткан.

Беш унаа тең артка жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0