Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматында иштеген Теңиз Турсунбеков

Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук

6806
(жаңыланган 09:37 24.04.2018)
Эламан Карымшаков
25 жаштагы Теңиз Турсунбеков ары түйшүктүү, ары опурталдуу делген куткаруучу кесибин тандап алган. Бул кызматта иштегенине төрт жылдын жүзү болду. Ал арада канчалаган адамдын өмүрүн сактап, кишилерди түгүл күчүк, мышыктарды да куткарып келет.

Турсунбеков учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматында иштейт. Маек учурунда ал кырсыкка кабылган адамдын чачылып кеткен дене мүчөлөрүн кантип чогултарын жана көп кабаттуу үйдүн терезесине туруп алган жаш балдарды кандай жол менен аман алып калышарын айтып берди.

— Куткаруучу кесибин тандаа алганыңызга кимдир-бирөөнүн таасири барбы?

— Негизи мен бала кезде эле элге жардам бергим келчү. Мектепте да аскерге чейинки даярдоо сабагына өзгөчө көңүл буруп, 23-февраль, 9-майдагы иш-чараларга активдүү катышчумун. Чоң атам милиция кызматкери болгон. Ал форма кийип келсе аябай суктанып карайт элем. Айылда аскерден келген агаларымды көрүп мен да ушулардай болом деп кыялданчумун. Ошентип мектепти бүтөрүм менен аскердик кызматты өтөөгө Таш-Көмүргө барып, ӨКМдин куткаруу кызматына бөлүндүм. Ал жактан куткаруучулукту окуп-үйрөнүп ошол бойдон калып калдым.

Сотрудник МЧС Бишкексого городского управления Тениз Турсунбеков во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Теңиз Турсунбеков төрт жылдан бери куткаруучу болуп иштейт

— Өзүңүз кайсы жердин кулуну болосуз?

— Жалал-Абаддын Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулгам. Аскердик кызматты аяктагандан кийин Бишкекке которулгам. Жумушума байланыштуу ата-энем да бул жакка келди. Үй-бүлдөдө эки бир туугандын кичүүсүмүн. Агам учурда Россияда иштейт.

— Эң биринчи куткарууга барган күнүңүз эсиңиздеби, коркуу сезимдери болгонбу?

— Жалал-Абадда башында жөн эле сел жүргөн аймактарга барып жатканбыз. 2014-жылы 19-майда дары чачкан учак электр тогун өткөрүүчү зымга урунуп жарылган. Эртең менен саат 10.00дөр чамасында чакыруу түшүп, бир КамАЗ менен жолго чыктык. 1,5 саатта жеттик, өрттү өчүрүп коюшуптур. Ичинде үч адам болгон экен, баары набыт болуп, дене мүчөлөрү чачырап кетиптир. Туугандары келип "болоору болду, эми эч жерин калтырбай терип бергиле" деди. Сөөктөрү, эттери, башы майда бөлүктөргө бөлүнүп ар жерде жатыптыр. Аны беш-алты саатта чогултуп капка салып өткөрүп бергенбиз. Ошондо катуу коркком. Азыр эми көнүп калдык.

Сотрудник МЧС Бишкексого городского управления Тениз Турсунбеков
© Фото / Азат Мырзабеков
Турсунбеков: кудукта өлүп калды деген кишини көтөрүп баратсак сүйлөп жиберген

— Үрөй учурган кырсыкка күбө болуп, эсиңизден кетпей жүргөн окуялар болду беле?

— Өзгөчө эсимде калганы Дача СУдагы каргаша болду. Ал күнү мага дем алыш болуп үйдө отургам. Учак кулаптыр деп чакыруу түштү. Мындай кырдаалда 45 мүнөттүн ичинде келип калышыбыз керек. Группа менен барсак, кара түтүн каптап эч нерсе көрүнбөйт. Кире бергенде эле бир үйдөн аялдын добушу угулду. Жанындагы күйөөсү эптеп чыккан экен. Жол ачып алып чыгалы деп барсак үзүлүп кетиптир. Байкуш аял кош бойлуу экен. Аны карап аябай жүрөгүм ооруду. Биз алгач эки күн адамдардын сөөгүн таап чыгарып жаттык. Андан кийин кара кутучаны издедик. Аягында учактын сынган тектиктерин чогултуп, тегерек четин тазалап, жалпы жонунан бир жума жүргөнбүз.

— Бишкекте кандай окуялар көп катталат?

— Жол кырсыктарында унаага кыпчылып калган адамдарды чыгарабыз, көбүнчө бекилип калган эшиктери ачабыз. Учурдан пайдаланып ата-энелерге жаш балдарды үйгө жалгыз калтырбай, улуу кишилерге дайындап кетсе деп кайрылат элем. Жаш балдар бизди көп тынчсыздандырат. Бир жума мурун "балдар балкондо отурат" деп маалымат түштү. Жибек Жолу проспектисинде жол оңдоо иштери жүрүп каттам жабык экен, ага карабай тосмону ачып аралап өтүп жетип бардык. Үч жана бир жарым жашар балдар экинчи кабаттын терезесинин кырына туруп алыптыр. Дагы жакшы, жанында курулушта иштегендер шаты коюп чыгып кармап калышыптыр. Көрсө алар алар сыртта ойноп жаткан балдарды көрүп чыгабыз дешкен экен.

Ушундай эле окуя "Туңгуч" кичирайонунда дагы болду. Барсак үч жашар бала 12-кабаттын терезесинин кырында чыңырып ыйлап отурат. Катураак шамал болсо, кулап кетчүдөй. Мен үстү жагынан аркан кармап, шеригим дубал менен түшүп куткарып калды.

Жакында эле өзүм экинчи кабаттын терезесине туруп алган баланы сактап калдым. Өзүбүздүн шатыны койгонго көп убакыт кетчүдөй. Терезеге орнотулган тосмолор менен чыгып барып кармап калдым. Үйгө кирсем душтан суунун шаркыраган үнү угулат. Апасы жуунуп жаткан окшойт деп отура бердим. Бир маалда бала сүйлөп "апам сыртка чыгып кеткен" деди. Ал жакты ачсам ажатканынын суусу токтобой калган экен. Бир аздан кийин апасы чуркап келип "баламы уктатып коюп, азыр эле дүкөнгө чыккам" деп бизден кечирим сурап ыраазычылыгын айтты. Кээде ушинтип рахматын айтып бетиңден өпсө кадимкидей сүйүнүп каласың. Кээ бирлери бар, "тезирээк чыкпайсыңбы, эшикти эмне сындырдың" деп урушат.

Анан жалгыз жашаган адамдардыкы жаман. Үйүнүн ичинде өлүп бир жума, бир айга чейин жатып калгандар бар. Ал жактан сасык жыт чыгып баштаганда бизди чакырышат. Ар кандай болот, жаткан жеринин турбай, жуунуп атканда жыгылып каза болгондор бар. Көбүнчө улгайган кишилер жүрөгү кармап көз жумат.

Сотрудник МЧС Бишкексого городского управления Тениз Турсунбеков во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Куткаруучу ата-энелерди кичинекей балдарын үйгө жалгыз калтырбоону эскертти. Себеби, бөбөктөр көп кабаттуу үйдүн терезесине туруп алган учурлар арбын болот экен

— Жумуш учурунда ар кандай окуяларга аралашып жүрөт экенсиңдер. Өзүңөрдүн коопсуздугуңарга кандай кам көрөсүңөр?

— Мындан 5-6 ай мурда оорулуу баласы ызы-чуу салып жатканын айтып бир аял чакырды. Биз менен кошо психиатриялык оорукананын бригадасы да барды. Ал ак халатчанарды көрсө коркот экен. Апасы айткан эмес, үйүнө кирсек балта менен терезени чапкылап атыптыр. Ал бригаданын жана биздин бир балага да кол салып балта чала-бучук тийип кетти. Көптөп араң кармадык. Коңшуларынын айтымында, бала жакшы окуучу экен, өтө көп окуй берип мээсине күч келип кетиптир.

Негизи биз чакырууга чыкканда бир командир менен инструктор болот. Алар шаймандарды колдонуудан тартып кийим-кечебизге чейин көзөмөлдөп турат.

— Ушундай окуяларды көргөндөн кийин түнү түшүңүзгө кирбейби?

— Жок. Биз көнүп калганбыз да. Окуп жүргөндө психикалык жактан да даярдайт. Башында жөн гана ээрчитип барып куткаруучулардын иштеп жатканын көрсөтөт. Чыдай албагандар ошондо эле кетип калат. Биз кыйналдым, чарчадым дебей адамды куткарып жатам деп сыймыктанып турушубуз керек.

Сотрудник МЧС Бишкексого городского управления Тениз Турсунбеков (по середине)
© Фото / Азат Мырзабеков
Куткаруучулук кесиптин түйшүгү оор. Кээде мышыкты куткарабыз деп беш саат убара болгон учурлар кездешет

— Күлкүлүү окуялар да болбой койбосо керек.

— Кээде күчүк, мышыктарды да куткарабыз. Жакында эле көп кабаттуу үйдүн желдетүүчү түтүгүнө кирип чыга албай калган мышыктын артынан беш саат жүрдүк. Үймө-үй кирип издеп жаттык. Бир жерге кирип карасам түтүктөгү топтун үстүндө турган экен, аны сайсам кайра жер төлөдөгү тигүү цехине түшүп кетти. Анын ээси жок, эшигин ача албай калдык. Бир нече убакыттан кийин ээси келгенде дубалды чаап алып чыктык.

Анан бир күчүк тереңдиги алты метрлик ажатканага түшүп кетиптир. Көзүн жылтыратып, кыңшылаганын көрүп бооруң ооруйт. Бирок шеригим ичине түшүп алып чыкканга чейин ууланып өлүп калды. Куткарып калсак болмок деп аябай жүрөгүм ооруп калды.

Кеч кирип калганда кудуктун ичинде киши өлүп калыптыр деп чакырышты. Селсаяк экен, ары-бери түртсөк кыймылдабайт. Чыгаралы деп көтөрүп баратсак сүйлөп жиберсе болобу. Анан "мен уктайт элем, эмне козгоп жатасыңар" деп концерт койду.

— Кандай график менен иштейсиздер?

— Бир сутка иштеп, бир сутка эс алабыз. Жумушта түшкө чейин теориялык сабактарды, түштөн кийин практикалык машыгууларды өткөрөбүз. Мындан сырткары, маал-маалы менен классификациялык окуулардан, тоо-таштарга барып машыгуудан өтүп турабыз.

— Алган айлыгыңыздар көңүл толорлук элеби?

— Ар ким эмгек тажрыйбасына жараша алат. Мисалы менин катарымдагылардын маянасы 12 миң сомдон баштап 20 миңге чукулдайт. Адам баласы болгон сайын болсун дей беребиз да. Ушуга да шүгүр кылып жеткирип жатабыз эми. Анан өзүбүздүн ооруканага барып акысыз дарылана алабыз. Ушул жагынан жеңилдик каралган.

Сотрудник МЧС Бишкексого городского управления Тениз Турсунбеков
© Фото / Тениз Турсунбеков
Турсунбеков: маал-маалы менен тажрыйба арттырып, тоо-таштарга барып машыгуудан өтүп турабыз.

— Эми жеке жашооңузга кайрсылсак, үй-бүлө кууруу жагын качанкыга пландап жатасыз?

— Кудай буюрса ушул күздө үйлөнүүнү ниет кылып жатам. Бир жума мурун сүйлөшкөн кызымдын колун сурап макулдугун алдым. Ал менден эки жаш кичүү, айылда бир мектепте окуганбыз. Экөөбүздүн мамиле куруп жүргөнүбүзгө сегиз жыл болду. Учурда Бишкектеги банктардын биринде иштейт. Жумушумду түшүнүү менен кабылдайт. Кээде опурталдуу жактарда жүрүп же көпкө байланышпай калсам "кадимки эле жумуштарда иштебейсиңби?" дейт. Андайда менин кесибим ушундай деп жайгарып коём.

— Сүйлөшкөн кызыңызды да кандайдыр бир кырдаалдан куткардыңыз беле?

— Анчалык олуттуу деле окуялар болгон жок. Кээде бейбаш балдардан куткарасың. Мен жаңыдан аскерден келген маалда ал студент эле. Ошондо ага тийишкен балдар менен мушташып көзүм көгөргөн учурлар болгон.

6806
Белгилер:
куткаруучу, кесип, машыгуу, Теңиз Турсунбеков, Токтогул району
Тема боюнча
Күчүктү сактайм деп өзү чөгүп кеткен маркумдун жубайы: сөөктү бир күн издедик
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук