Атам атып салат экен деп бакырып ыйладым... Акылбек Абдыкалыковдун айылга каты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков
Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү бул кат сизге башкача сезим тартуулап, тээ түпкүрдөгү ааламыңызды аңтарып, ата менен баланын ортосундагы айтылган, айтылбаган дүйнөнү ачып берет. Бул тек гана баяндоо эмес, бул атага кайрылуу, бул ички дүйнөнүн жаңырыгы.

Шашпай, оңдонуп отуруп, даярданып алып анан окуңуз.

Биздин каарман — КРдин эл артисти, белгилүү актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков.

Сокулуктун Шалта айылында жарык дүйнөгө келген, бир туугандардын улуусу. Туюму, дүйнөсү башкалардан таптакыр айырмаланып, эмгектери менен адамзатты искусствого, жан дүйнөнүн тазалыгына чакырып келген адам.

Мен эмнеге айылдан ийменем?

Бүгүн мен оңтойлонуп отуруп алып, айылга кат жазып жатам.

Кат өзү аябай жакшы нерсе. Илгери киного түшүп жатканда "Ак кеме" тасмасында Момун чалды ойногон Аманкул Куттубаевге "кат жазышып турбайлыбы" десем, ал киши күлдү. Катты дилиң сүйгөн кишилер менен жазышкың келет эмеспи.

Актер Акылбек Абдыкалыков Түнкү кырсык тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актер Абдыкалыков: бир тууганым Актан Арым Кубат экөөбүз кинодо акыл үйрөтүшпөйбүз
Бир ирет да Түгөлбай Казаков "Акы, экөөбүз кат жазышпайлыбы" деп калды. Мунун мааниси тереңде. Бул жөн айтылган сөз эмес. Кат аябай жакшы нерсе да. Бекеринен чоң жазуучулар кат жазышкан эмес да. Ошол эле Достоевский, Горький, акындар Пушкин деле бири-бирине кат жазышып келген. Бул жерде орусча айтканда "искренность" бар эмеспи. Анан Спутниктин (Sputnik Кыргызстан — ред.) айылга кат дегени өзү жакшы экен.

Айыл мен үчүн башкача бир дүйнө. Мен алиге чейин айылга көп нерсемди айта албайм, себеби ийменем, тартынам. Анткени ошол жерде чоң аталар, аталар, чоң энелер, апаларыбыз, агаларыбыз бар. Ошолордон ушул убакка чейин ийменем. Өзүм элетте өстүм, бирок шаарда окудум. Дайыма, күнүгө ойлобойсуң, бирок айыл ушул убакка чейин жүрөктүн түпкүрүндө жүрөт.

Айылда жашагандар, жаңы өсүп келе жаткан жаш муун бактылуу деп ойлойм. Негизи баланы айылда өстүрүш керек окшойт. Жаныбар менен чоңоет, боорукерлиги, жан дүйнөсү, руханий дүйнөсү башкача болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти, белгилүү актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков
Народный артист Кыргызстана, актер Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, белгилүү актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков

Кара козум…

…Мен ушул убакка чейин кара козумду эстейм. Козу кокусунан эле мага ынак болуп калды. Нан, жем берем. Өзү чуркап чыгат, ээрчип алат. Футбол ойносом, оттоп карап турат, волейбол ойносом ошол жерди паанектеп жүрөт, мектепке узатып барат. Терезени карайм, оттоп жатканын көрөм. Китеп окуп отуруп калсам, колумдагы китебимди сүзгүлөйт, анан баламын да, кубалашып ойноп кетем. Карагылачы, ал канча жана кандай гана сезимдер. Муну эч ким бере албайт да. Бир күнү мектептен чыксам эле кара козум жок. Үйгө барсам, эшиктин алдынан түтүн чыгып жатат. Кантип чуркап киргенимди билбейм. Келсем, таякем алдыман чыгып, "Оо, Акылбек балам, козуңду аябай жакшы семиртипсиң" деди. Эми… ыйлап отуруп тээ тоонун этегине чейин кетип калыпмын. Анан уктап калган экенмин, ойгонсом, түн кирип калыптыр. Муну айтып жаткан себебим, адам ушундай нерселер менен чоңойбосо, таптакыр башкача болуп калат экен. Кара козунун окуясын улайын… Ошол кара козу жана ошол сезимдер ушул убакка чейин көкүрөгүмдөн кетпейт. Кийин студент кезимде "Кара козу" деп атап аңгеме да жаздым.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева - Sputnik Кыргызстан
Тынара Абдразаеванын айылга каты. Кошокчу энемди, ак ташыган атамды эстеп...
Айыл абдан жакшы нерсе. Айылдагы элиме, ошол жердеги балдарга, аталарыма, иничектериме айылды сакташ керек деп айтат элем. Маселен, биздин Шалта сонун айыл. Өзүнүн мурдагы нугунда кармалып калды. Бир атанын балдары жамандык-жакшылыкта абдан ынтымактуу. Ыйман бар, бири-бирин сыйлап турат. Менин кичи мекенимде кыргыздын жакшынакай адаттары сакталып калганына сүйүнөм.

Айылдын өзүнө тарткан касиети — бир эле энеден, бир эле атадан эмес, тээ ата-бабалардан келе жаткан нерсе деп ой жоруйм. Кичи мекен көп нерсени берет, чоочун болуу деген жок. Той-топуру, алыш-бериши, ал эми бир жамандык болсо тикесинен тик турушу менен баалуу. Ушул касиетти жоготпогула деп бардык айылга айтат элем. Айылдык маданиятты, айылдык ыйманды, айыл өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн жоготпосо деп тилейм.

Шаарда жашоо супсагыраак, элетте сонун, түркүн-түстүү. Бекеринен жаш кезде баары шаарга, ал эми жаш улгайып бара жатканда айылга качпаса керек. Себеби, жашоонун философиясы ушундай экен да. Жаштык сени адаштырат. Токто десең да токтобойт. Ары урунуп, бери урунуп дегендей. Ал эми карылык болсо, акыры-ыын көчөңө, анан корооңо келет, анан босогоңо туруп алат, кет десең да кетпейт. Анан жаныңа келип отуруп алат. Азыр интеллигенциянын көбү пенсияга чыкканда айылга кетип, жашап жатат. Болбосо, өмүр бою шаарда иштеп келген.

Айылга кат жазып отуруп, айылдаштарымды абдан жакшы көрөрүмдү айткым келип жатат. Себеби, акыры барар жериң, финалы ошол да. Түшүмүңдүн баарын бергенден кийин, ошол айылга барып отурасың.

Корооңорду тоспогулачы…

Көп жерлерди кыдырдым. Кичинемде шаарда №3, №1 мектептерде билим алдым. Алыста окуп, студент болдум. Кийин кесибим боюнча кайда гана барбадым. Алыстан сагынып келесиң. Мен ушул жашка келип, айылга такcи менен барбайм, себеби, уялам. Автобуска түшөм. Анан эч качан жасанып кийинип барбайм. Эмнегедир тартынам, ийменем. Көкүрөктө элден бөлүнбө, өзгөчөлөнбө деген бир нерсе турат.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиевдин айылга каты. Уй саап, нан жапкан күндөр жана түйшүктүү балалык
Бала кезде киндик кан тамган жерим, айылымды жоготкум келбейт, бала кезде кандай сезсем, ошондой сезимде калгым келет.

Дарбазасы жабык, эшиги кулпуланган айылды эмес, пейили кенен, дайыма кучагын кенен жайган, бейпил айылды көргүм келет. Антпесе, баягы шабдалы, алма уурдаган, иттен качкан, уй сүзгөн окуялар өткөн айыл мен үчүн кымбат. Баамымда, менин айылым ошол мен бала кездегидей эле. Туура кыласыңар, "анча деле тоспогула, ачык болуп, көрүнүп турган жакшы, кетип бара жатканда, салам алейкум же кандайсыз апа деп учурашып турганга жакшы" дейм. Бул өзүнчө сезим да. Шаарда учурашуунун андай касиетин сезбейсиң.

© Фото / из личного архива Акылбека АбдыкалыковаАкылбек Абдыкалыков Сокулуктун Шалта айылында
Народный артист Кыргызстана, актер Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Абдыкалыков Сокулуктун Шалта айылында

Бактын башына шамал менен кошо термелген бала…

Айылдагы окуялар десе, балалык кездеги окуяларды эстедим. Тентек элем. Бир күнү бактын башына чыгып кадимки эле чымчыктын уясынан балапан алам дедим. Жерден турсаң, чыйпылдаган эле үн угулат, абдан кызык болду. Бакка чыгып алып, тырмышып жогору эле кете берипмин. Бир маалда шамал башталды, анысы кайдан келди билбейм. Терек чайпала баштады. Шуулдайт тим эле. Каргадай болуп мен отурам. Колум карышып калды. Бактын башына жармашып алып бакырып жатам, бакырып жатам. "Арымбектин баласы баштады" деп айылдын баары келе жатат. Бирөө таарын көтөрө чуркаган, бирөө шырдагын көтөрүп алган. "Түш, куласаң тосуп алабыз" дешти. Жерди карасам баш айланат. Айылда атам менен жакшы Аскан аттуу киши бар эле, тентек кылсам, атама дароо жетчү. Бактын башында терек менен кошо чайпалып жатып, ичимден "Аскан байке болбосо экен" деп ичимден тилеп жатам. "Мына, Акылбек дагы баштадыбы" деген үнү кулагыма шак дей түштү. Жердегилер кичинекей эле болуп көрүнөт. Элдин баары ызы-чуу, теректин түбүнө топтолуп калган. Бир убакта айгыр минип келе жаткан атам көзүмө урунду. Бутакка тырмышып калган колум кантип бошоп, жерге кандайча шыпырылып түшкөнүмдү билбейм. Кыязы, коркуу сезими кетип, чыйралдым окшойм. Тентектик кылган мындай окуялар толтура… азыр баамдасам, 5-6 жашта болсом керек. Турниктен, тамдын үстүнөн, бактан канча куладым.

Мүрзө, карта жана мылтык

Актриса Таалайкан Абазованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Актриса Таалайкан Абазованын айылга каты. Айылдын "жылдыздары", бакчадагы Ак Мөөр
Ат мингенди абдан жакшы көрчүмүн. Бир ирет кошуна айылда жашаган эжем менен жездемди жеткирип барып кел дешти. Жан дедим. Жездеме учкашып алып бардым. Барсак, казанда кесме бышып жатыптыр, аттын үстүнөн тим эле сонун көрүндү. Тамак ичип кет дегенинен калып, кечирээк бир атты минип, экинчисин жетелеп үйгө кайттым. Тамак ичкенден кийин суусадымбы, айтор, жолдон аттан түшүп, агыны катуу дарыя бар эле, суу ичейин деп, балыр каптаган таштан тайгаланып жыгылдым. Колумдан чылбыр чыгып, минген атым да, жетелегени да кетти. Жөө калдым, эптеп суудан кыйгачтап отуруп, кечип өттүм. Күн күүгүмдөп баратат, мүрзөнүн тушуна келдим. Жүрөгүм лакылдап, коркконумду кантейин. Анан көздү жуумп, болушунча чуркап өтүп баратам… бир маалда эле күп этип кулап түштүм. Көмөлөнүп кеттим. Жаным оозума кептелип, тура калып, кайра чуркадым… Ошентип айылга келсем, элдин баары дагы ызы-чуу, "ат келип бала жок" деп чакчелекей түшүп жатыптыр…

Эсимде… Сегизинчи класспыз, майда чүйдө тыйынга карта ойнойбуз. Акыш дегендин Сакен аттуу уулу бар эле. Оюндун кызыгына кирип алганбыз. Анын колунда үч король, менде үч туз. Экөөбүздө тең кол оңой эмес. Майда тыйындарыбыз түгөндү. Анан ал "короодогу уюмду саям!" деди, кой десем болбойт, тырмышып. Кызыгына кирип алдык. "Картаны ач" десем болбойт, уюн кайра кайталайт көгөрүп. "Болуптур" дедим да үч тузду таштап, ошентип уюн утуп алдым. Каяктагы уй, эми оюн да. Ошентип оюн да бүттү, кетип калдык. Бул окуя айылга тарап, андан ары атама жетет. Көчөдө жүрсөм эле адаттагы сүрү да, камчы менен "бас үйгө" дегендей жаңсады. Карта оюмда жок, эстен чыгып кетиптир. Сарайга киргизди да, эшикти бекитип, чыбык сайып койду. Үйгө барып эле "Атаңдын оозун… эмитен уй утуп жүрсөң, кийин кайда барасың" деп мылтык алып чыкты… Азыр эстесем, жылмайып алам. Чын эле атып салат экен деп, өкүрүп, бакырып, ыйлап жатам… Аа-ай, балалык кездер ай.

Ушул жерден катымдын өзөгүн түзгөн атамды айтсам. Атам Арымбек бир сөздүү адам болчу. Башкарма эле. Ал кишинин мага мээрими өзгөчө эле. Баладай кылып, жалынып-жалбарып. Өпчү да, болушчу да, эркелетчү да эмес. Катаалдай сезиле берчү мага. Мойнуна жабышып, илээшип көргөн эмесмин. Бирок бир байланышты туйчумун. Ал көзгө көрүнбөгөн, бирок мага дайыма кубат берген, мени чыйралткан күч эле. Ошол ат минип калдайып жүргөн, сүрдүү адамдын карааны эле мага чоң бир дем, тирек эле. Менин туюмумда, бала кездеги бейбаштыгымдан уламбы, мага ишенбей жүрүп өтүп кетти.

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии КР"Түнкү кырсык" тасмасынан кадр
Фильм режиссера Темира Бирназарова Тунку кырсык (Ночная авария)  - Sputnik Кыргызстан
"Түнкү кырсык" тасмасынан кадр

Таякчан атам, 30 сом, жайлап кеткен балдар

Айылда туулуп, бирок Фрунзеде, шаарда окудум да. Кийин Москвага актерлукка тапшырам десем, каршы болгон жок. Москвада окуп, андан сырткары "Трудный" деген аянтта көчө шыпырып иштеп калдым. Атам райкомдо иштеп, анан башкарма болуп жүргөндүктөн командировкага, ары-бери көп чыгып, Москваны да жакшы билет эле. Кат жазат, өзү абдан сабаттуу киши болчу дебедимби. Апама "сенин балаң татар кызга үйлөнүп алды" дептир. Ошол жерде татар улутундагылар көп жашай тургандыгын жакшы билерин карасаңыз. Анан мага квартирага чалып, "балам, коркпо кел" деп жатпайбы. "Ата, мен короо шыпырып иштеп да, окуп да жатам, баары жакшы" десем, "жок, сен коркуп жатат окшойсун, келе бер" дейт баягы салабаттуу үнү менен. Айтор, эптеп ишендирдим. Көрсө, торпогун сатып, акчасын алып, шаарга, силердин Спутник редакцияңар азыр жайгашкан жерде, борбордук почта бар эле, ошол жерге келип Москвага телефон чалышыптыр да.

"Анда сенин жакында туулган күнүң, 30 сом салам" деди. Так секирип кеттим. 20 сом стипендия, 60 сом айлык аларымды айттым. Анда 80 сом деген чоң акча эле. Болбой эле ошол отуз сомду жөнөтүштү. Кийин келгенде ошол окуянын дагы бир окуясын угуп, көңүлүм бир аз ооруду.

"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында эки бала атамды көтөрүп троллейбуска салыптыр. Анда ооруп, таякчан басып калган. Апам, "айланайын жакшы балдар экен, рахмат" деп алкап, элпек деген берки экөө алдыга чуркайт. Көрсө, ошол "жакшы балдар" жайлап, чөнтөгүнөн калган акчасын алып кетиптир. Муну айтып жаткан себебим, кыйналып, таякчан басып калса да, акчасын чөнтөгүнө аярлап салып, мага жиберем деп келгенин башкача сезим менен эстеп отурам. Атам экөөбүздүн ортобузда билинбеген сүйүү бар болучу. Кайран атам, менин! Эски кишилер да, жарыктык.

Улуу Ата мекендик согушта армияда он жыл жүрүптүр, андан соң япон согушуна катышкан экен. Кийин ошонун кээринен улам оорулуу болуп калды окшойт.

52 жашында 5-курста окуп жатканда өтүп кетти.

Ичимде калган бир…арман

Кырызский режиссер, актер Бакыт Мукул - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Мукулдун айылга каты. Уурдалган чана, "үчкө" окуган сүрөтчү
…Атам ооруп жатыптыр. Москвага телеграмма жиберишиптир, кандай кийинип жүрсөм, ошол тейде учуп келдим. Ооруканада экен, сүйлөшүп, жаныңда болоюн десем, үйгө бар, жолдо чарчадың, көрүнүп турат деп болбой койду. Ынабай койдум, бирок баары бир көндүрдү. Көрсө, боюн түзөп жатыптыр. Анан эле өтүп кетти. Ошондо "Я – Тянь-шань" киносундагы ролго бекип, тартыла турган болуп калгам. Ооруп жатса кайдан деп, ал жакшы кабарымды айтканга да жетишпей калдым. Укса, менин искусстводогу, билим алып жаткан тармагымдагы ийгилигиме ыраазы болуп, көңүлү тынч болот беле деп ойлоп коем азыр деле.

Атам каза болгондон кийин тамдын чатырындагы коробкадан Москвадагы атактуу актерлордун сүрөттөрүн, алар тууралуу жазылган газета, журналдарды таап алдым. Айылда ошол кезде көп маани беришчү эмес эле да. Көрсө, атам искусствого абдан кызыкчу тура. Москвага барып, окушума каршы болбой, жиберишинин да себебин ошондо билдим.

Атам мен үчүн бир дүйнө, бир мектеп, бир аалам болду. Айылга кат жазып жатып, өмүрүмдөгү ушул учурларды, 52 жашында бул дүйнө менен коштошуп кеткенин эстедим. Башкача адам болучу, менин атам.

Апам мугалим эле. Абышкасынан кийин кетти. Энем менин ийгиликтеримдин четин көрүп калды…

Айылга жазган бул катым менен дүйнөмдү бир аңтарып алгандай болдум. Баарыңардын аман болушуңарды, жан дүйнөңөрдүн бөксөрбөшүн, айылдан ааламды кучагына батыра турган дили кенен балдар-кыздардын чыгышын каалайм.

Саламым менен уулуңар, Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков.

Жаңылыктар түрмөгү
0