200 миң доллар пара алып кармалган аткаминердин баш коргоо чарасы аныкталды

Жазылуу
Шектелүүчү колго түшөрү менен өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалбаевдин айыбы угузулганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

200 миң доллар пара алган аткаминер кармалганда кебелип да койгон эмес. Видео - Sputnik Кыргызстан
200 миң доллар пара алган аткаминер кармалганда кебелип да койгон эмес. Видео
Эске салсак, өткөн аптада УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Шектелүүчү ошол эле күнү өзүн жаман сезе баштагандыктан ооруканага түшүп, дарыгерлер ага "мээдеги кан айлануунун бузулушу" деген диагноз коюшкан. Кийин анын акыбалы туруктуу экенин айтылып, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгары кошумчаланган.

"Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Улан Чалбаевге КР Кылмыш жана жаза кодексинин 313-1-беренеси (Пара алуу) боюнча айып тагылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Чалбаевге карата тергөө аягына чейин аны УКМКнын төргөө абагына камакка алуу боюнча чечим кабыл алды.

Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0