Россияда Google жабыла баштады. Себептерин Роскомнадзор түшүндүрдү

© AFP / PHILIPPE HUGUEN Google сайты. Архив
Google сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-апрель күнү Москванын Таган райондук соту Роскомнадзордун Россияда Telegram мессенджерин чектөө боюнча арызын канааттандырган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россияда Google издөө системасынын айрым IP-даректери жабыла баштаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Россиянын байланышты көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роскомнадзор) маалыматына караганда, Google компаниясы аталган органдын талаптарын ишке ашырган эмес. Тагыраагы, соттун чечимин бузуу менен Telegram Messenger Limited Liability Partnership компаниясы Россиянын аймагында ишкерлик жүргүзүү үчүн өзүнүн IP-даректерин колдонууга уруксат берип жатат.

"Буга байланыштуу Роскомнадзор Google компаниясынын Telegram колдонуп жаткан Google компаниясынын IP-даректерин тыюу салынган даректердин тизмесине киргизди", — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 16-апрель күнү Москванын Таган райондук соту Роскомнадзордун Россияда Telegram мессенджерин чектөө боюнча арызын канааттандырган. Буга Telegram компаниясы Федералдык коопсуздук кызматына маалыматтарды шифрлөөнүн ачкычын бербей койгону себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0