БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ала-Арча капчыгайында 29-апрелде Ala-Archa Ethno Run аттуу жарыш өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучу "Тонус" коомдук фонду билдирди.
Жарышка 16 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар катыша алат. Уюштуруучулар жарышка болжол менен миңдей киши катышарын айтышууда.
"Ala-Archa Ethno Run жарышынын максаты элди сергек жашоого чакыруу. Ошондой эле көчмөн турмуштун түрдүүлүгү менен туристтерге өлкөгө тартуу болуп саналат. Кишилер чуркай турчу жол жана программалара этностилде жасалгаланган", — деп уюштуруулар маалымдады.
Бардык катышуучуларга кийизден жасалган номер берилет. Ал эми 10 чакырымды чуркап өткөндөргө атайын жасалган медаль тапшырылат.