Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын аймагында газ өчөт. Тизме

© REUTERS / Nigel Roddis / File PhotoГаз оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күндөрү ишкана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөрүн билдирди.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өлкөнүн Ош, Токмок жана Бишкек шаарларынын айрым райондорунда газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.

Газ трубасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштогу Жапалактын жашоочулары көгүлтүр от менен камсыздалды
Билдирүүгө ылайык, шаршемби күнү, 25-апрелде, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын Маминов жана Агропром көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот.

Ал эми 26-апрелде 8:00дөн 17:00гө чейин газ Токмок шаарынын Трясин көчөсүндө өчөт. Бишкек шаарында болсо 26-27-апрель күндөрү Коммунаров, Фучик жана Жибек Жолу көчөлөрүндө көгүлтүр отту берүү убактылуу токтотулат.

Бул күндөрү ишкана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөрүн маалымат кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0