Түнү бою туу кармаган жигитке "Манас" орденин берүү сунушталды

Жазылуу
Максат Чакиев бишкектик сүрөтчү Азамат Жаналиевге "Манас" төш белгиси берилиши керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев кечээ "Ала-Тоо" аянтындагы шамал учуруп, түшүп калган туунун ордуна башка желекти түнү бою кармап турган сүрөтчү Азамат Жаналиевге мамлекеттик сыйлык берүүсүн өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Эске салсак, шейшемби күнү кечинде Бишкекте болгон катуу шамалдан улам учуп кеткен "Ала-Тоо" аянтындагы негизги туунун алдына башка байракты таң аткыча бишкектик жигит кармап турган.

Чакиев Азамат Жаналиевге "Манас" төш белгиси берилиши керек деп эсептейт.

"Мамлекеттик сыйлык алуу үчүн сөзсүз эле жоо чабуу керек эмес. Мамлекеттин атрибутикасын сактоо дагы эрдик. Анткени мамлекет ошол символикалары менен мамлекет. Кыргызстандын ичинде болобу, чет өлкөлөрдө болобу, ал жерге түшүп, булганып, тытылып калса, аны өйдө алуу, коргоо — бул эпикалык кадам десем болот. Шаар бийлиги 10 саат бою унчукпай жатканда, Азамат желекти кармап ошол жерде турду. Албетте, социалдык тармактарда мындан башка кылар нерсеңер жокпу деп мени урушуп жаткандар бар. Антип ойлогондордун өз эрки, канча адам болсо ошончо пикир болот", — деди Чакиев.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин I даражадагы "Манас" ордени Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен РФ лидери Владимир Путинге ыйгарылган.

Негизи эле Кыргызстанда кандай сыйлыктар, кимдерге, кайсы эмгеги үчүн берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0