Баланы жашынан, аялды башынан! Үй-бүлө ичинде 8 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын ойнотуп жаткан ата. Архив
Кызын ойнотуп жаткан ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар илгертеден балдарын салттык тарбиянын негизине үйрөтүп, кичинесинен баштап улууларга салам айтууга, тамакка өзүнөн чоңдордон мурда кол салбоого, улуулардын сөзүнө аралашпоого жана башка дагы бир топ жүрүм-турум эрежелерине көндүргөн.

Салттык жүрүм-турум эрежелерине ылайык, ата-эне балдарын кандай тарбияган оң? Ошол эл учурда балдары ата-энесине эмнелерди жасабаш керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Динара Молдококулованын жардамы менен үй-бүлө ичиндеги таалим-тарбияга токтолду.

Төө минип бараткан апа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жардыны журтка таштабайт! Көчкө байланыштуу 6 "болбойт"
Эне балдарын көңүл кош тарбиялабайт. Кыргыз үй-бүлөсүндө баланы кароо, ага кам көрүү жана тарбиялоо эненин негизги милдети болгон. Ал эми ата үйдүн табышкери деп саналган. Ошондуктан элибизде "энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт", "энеси жаман эзели оңолбойт", "жатыны жаман" деген накыл кептер айтылып калган. Эркек балдар көпчүлүк учурда атасына өз пикирлерин энеси аркылуу айтышып, кыздары апасы менен сырдашкан.

Балдардын көзүнчө жолдошуна катуу сүйлөбөйт. Аял күйөөсүн сыйлоо менен балдарын да атасына сый-урмат менен мамиле кылууга тарбиялаган. Ошондой эле үйдүн ээси жумуштан келгенче күтүп, тамакты чогуу-чаран ичишкен.

Балдар атасына акаарат кылбайт. Кыргыздарда "аталуу уул — кожолуу уул" деген макал бар. Анын айткандары балдарына мыйзам катары эсептелген. Атасынан каргыш уккан, анын назарына калган бала "жарыбайт, түбү түз болбойт" деп эсептелген.

Ата-эне кызын уруп жазалабайт. Башкалардын да мындай кылуусуна мүмкүндүк берген эмес. Эркек балдарын "кызды урсаң, колуң калтырап калат", "кыз үйдөгү конок" деп тарбиялашкан. Өзгөчө атасы кызын уруп, сөгүп же  тилдөөсү салтта жок иш болгон. Антсе кызынын "ырысы кем болуп калат" дешкен. Мындан улам, кызын колдон келишинче аздектеп кийинтип, сөз тийгизбей, көз тийгизбей аздектеген.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер таянып отурбайт, үшкүрүнбөйт! Жаш балдарга байланыштуу 7 "болбойт"
Балдар ата-энесинин кийимин тебелебейт, жерге таштабайт. Тарбия көргөн балдар эч качан ата-энесинин кийимин тебелеп-тепсеген эмес.

Балдар бой жеткенде ата-энесин кароосуз калтырбайт. Кыргыз коомунда ата-энесин кордоо, карыганда карабай коюу өтө терс көрүнүш катары эсептелинип, "ата-энеге кандай мамиле кылсаң, өз балаңдан ошону көрөсүң", "ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң" деп айтылган.

Ата-эне карыганда турмушка чыккан кызынын колунда турбайт. Мындайга чанда, тактап айтканда эркек баласы жок учурда гана барышкан. Кыргызда буга байланыштуу "кыздын төрүнө олтурганча, уулдун улагасында бол" деген макал бар. Адатта ата-эне кичүү баласы менен жашап калат.

Ата-эне көзүнчө уул-келини баласын эзилип эркелетпейт, урбайт. Ата-энесинин көзүнчө уул-келини балдарын эркелетип, жалынып, ал тургай бетинен өпкөн эмес. Бул да болсо үй-бүлөлүк тарбиянын бири болуп саналат. Ошондой эле тилдеп, уруп, доошун бийик көтөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0