"Кант" авиабазасынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алды

© Фото / пресс-служба ОДКБ "Кант"Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Котовдон кабар алды
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кант авиабазасынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Котовдон кабар алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагер согуштан кийин кыргыз жерине келип, болочок жубайы менен таанышкан. Ошондон бери Кантта жашайт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасынын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Котовдон кабар алды. Бул тууралуу авиабазанын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Александр Невский атындагы "Милосердие" чиркөөсүнүн социалдык кызмат бөлүмүнүн өкүлү да болду.

ЖККУнун “Кант” авиабазасынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
“Кант” авиабазанын башчысы кыргыз элин кыргызча сүйлөп куттуктады
Коноктор Жеңиш күнүнүн алдында ардагерге жана анын жубайына бекем ден соолук жана узак өмүр каалашты.

Иван Степанович 1924-жылы 15-февралда Пенза облусунун Китунько айылында туулган. 1942-жылы 18 жашында согушка чакыртылган. Иван Котов Сталинград үчүн салгылашта согушуп, андан соң аларды Япония менен беттешке жиберишкен. Согуштан кийин Иван Степанович кыргыз жерине келип, басмаканада башкы эсепчи болуп иштеген жубайы Раиса Петровнага жолуккан. Ошондон бери аталган үй-бүлө Кант шаарында турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0