Курсанты Академии МВД Кыргызстана заняли призовые места на Международной научно-теоретической конференции в Алматы

КРдин болочок милиционерлери Алматыда мыкты аталышты

145
(жаңыланган 11:30 26.04.2018)
Эки курсант Казакстанда доклад окуп, биринчи орунду алышты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМине караштуу академиянын студенттери Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-теориялык конференцияда бейгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаштар жана илим" деп аталган конференция Казакстан ИИМинин Макан Есбулатов атындагы академиясында болуп өттү.

Сыйлыкка ээ болгондор:

— кылмыш процесси секциясы боюнча 3-курстун студенти Рамис Айдарбек уулу экинчи орун алды. Илимий жетекчиси — Кылмыш процесси кафедрасынын доценти Эльза Абдымомунова;

— кылмыш-жаза укугу  секциясы боюнча 3-курстун студенти Азат Алмакунов биринчи орунга чыкты. Илимий жетекчиси — Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасынын ага окутуучусу Мирбек Ажыгулов;

— конституциялык укук секциясы боюнча 1-курстун студенти Адилет Акынали уулу биринчи орунду ээледи. Илимий жетекчиси — коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасынын жетекчиси  Чолпон Кадырова;

— административдик укук секциясы боюнча 3-курстун студенти Калыс Баяманов "Илимий жаңылык" номинациясына татыды. Илимий жетекчиси — административдик укук жана административ ишмердүүлүк кафедрасынын профессору Айбек Ахматов.

Ошондой эле Казакстандын ИИМ академиясынын жетекчилиги Кыргызстандын ИИМ академиясынын илимий кызматкери Камбарали Имаркуловго жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, бардык катышуучулар диплом жана грамоталар менен сыйланды.

145
Белгилер:
академия, курсант, сыйлык, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Стивен Сигал болочок милиционерлерге күч органдарында кантип иштегенин айтып берди
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

67
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

67
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

117
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

117
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды