Ош: өгөй кызын 11 жашынан тарта зордуктап жүргөн киши 20 жылга кесилди

© Sputnik / Андрей СтенинАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинен ажыратылган өгөй ата жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү каралган.

ОШ, 26-апр. – Sputnik. Ош облустук соту жашы жетелек кызды 5 жыл бою зордуктаган өгөй атаны 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, Өзгөн районунун 50 жаштагы жашоочусу жашы жете элек өспүрүм кызды 5 жыл бою зордуктап келгендиги үчүн айыпталып, Өзгөн райондук соту тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Буга жабырлануучу тараптын жакындары нааразычылык билдирип, Ош облустук сотуна доо арыз менен кайрылган.

“Ош областук соту Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси боюнча айыпталган 50 жаштагы Б.Ж. аттуу айыпталуучуга карата Өзгөн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, соттолуучуну угузулган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, Кылмыш жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде 20 жылга эркининен ажыратты”, — деди Осмонкулов.

Кызды уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өгөй атасы беш жыл бою зордуктап жүргөн кыз 16 жашында төрөдү. Окуянын чоо-жайы
Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болду. 

“Соттук териштирүүлөрдө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес, бирок анын кылмыштык аракеттери иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, беттештирүү протоколдору менен аныкталган”, — деди Осмонкулов. 

Ал ошондой эле Ош облустук сотунун өкүмү акыркы эмес экенин, өкүмгө нааразы тарап көзөмөл иретинде Жогорку сотко даттанууга укуктуу экендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0