Мэр шаардагы бак-дарактын жапырт кыйылышына түшүндүрмө берди

Жазылуу
Калаа башчысы кыйылган бактын ордуна үч көчөт тигилип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Буга чейин бактар кыйылбай, жөн гана убактысы келгенде кулап келген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жолдорду кеңейтүү, коммуникацияны алмаштыруу, тротуар салуу сыяктуу иштер активдүү жүрүп жаткандыктан бактарды жапырт кыюуга туура келүүдө.

“Буга чейин бак кыюу муктаждыгы болгон эмес. Анткени жол курууга, оңдоого каражат жок болчу. Грант, насыялар жок эле. Жасалып турган жумуштар — комплекстүү иш-чаралар. Жыйынтыгы кийин билинет, жемишин келечек муун көрөт”, — деди Ибраимов.

Шаар башчысы социалдык тармактардагы сын пикирлер тууралуу айтып, мэрия аткаруу органы экенин, аларга көңүл бурууга дээрлик убактысы жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0