Бойцы-моджахеды в Афганистане.

Тозоктогу белгисиз көтөрүлүш. Бадабер чебинде дайынсыз калган жоокерлердин сөөгү

1780
(жаңыланган 15:00 08.05.2018)
Мындан 33 жыл мурда Пакистандын Бадабер чебинде советтик жана расмий Кабулдун туткун жоокерлери афгандык согушкерлерге каршы көтөрүлүш чыгарган. Туткундардын баары каза тапканы менен №40 армиянын жоокерлеринин өмүрү сакталып калган.

1985-жылдын 26-апрелинде Пакистандын Бадабер чебинде кармалып жаткан туткун жоокерлердин көтөрүлүшүн моджахеддер араң дегенде басканы айтылып келет. Бул окуяны расмий Исламабад жашырууга аракет кылганы менен Пакистандын "Сафир" менен коомчулукта кадыры күчтүү солчул "Муслим" басылмасы жана Батыш маалымат каражаттары дүйнөгө жар салган. Ал эми СССРдин жетекчилиги Бадабердеги баатырлар тууралуу элге так маалымат айткандан чочулаган. Колумнист Алмаз Батилов көтөрүлүштүн тарыхын баяндайт.

Бадабердеги көтөрүлүш жөнүндө алгачкы маалыматтар 1991-жылы Союз урагандан кийин пайда болгон. Ошондон бери тарыхчылар жана журналисттер изилдөө жүргүзүп келишет. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин көтөрүлүш тууралуу маалымат аз. СССРде биринчилерден болуп Бадабер көтөрүлүшү жөнүндө аскердик журналист Александр Олейников менен жазуучу Владимир Снегирев изилдөө жүргүзгөн. 1993-жылы бул көтөрүлүш тууралуу белгилүү россиялык режиссёр Тимур Бекмамбетов жана Геннадий Каюмов "Пешавар вальсы" аттуу көркөм тасма тарткан. Алардын эрдигин даңазалап "Голубые береты" музыкалык тобу менен ырчы Александр Розенбаум ыр жазган.

Бадабер айылындагы лагерь

Эске сала кетсек, 1979-жылы 27-декабрда Афганистанга СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 40-армиясы кирген эле. Расмий Москва мындай чечими менен өз армиясын Афганистандагы жарандык согушка аралыштырган. Ал кезде расмий Кабул менен советтик жоокерлерге каршы согушкан афгандык моджахеддерди АКШ, НАТО, Кытай жана ислам дүйнөсү каржылап, курал-жарак жактан камсыздаган. Жогоруда айтылган өлкөлөрдүн аскер кеңешчилери Пакистанда афгандык козголоңчуларга партизандык согуштун ыкмаларын үйрөтүп машыктырган. Ошондуктан Афганистанда жарандык согуш башталганда Пакистандын Пешавар шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Бадабер айылынын жанында качкындар үчүн лагерь ачылат.

Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон Катюша
© Sputnik / Эмиль Садыров , Кыргызстандын кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архиви
Иш жүзүндө Бадаберде "Афганистандын Ислам коому" деп аталган партиянын согушкерлерин даярдоо үчүн борбор иштей баштайт. Ушул лагердин жетекчилигине партиянын лидери Бурхаддин Раббани дайындалат. Белгилей кетсек, ал 1992-2001-жылдары Афганистандын президенти болгон. Бадаберде афгандык козголоңчуларды АКШ, Кытай, Пакистан жана Египеттин аскердик адистери машыктырган. Алар ар бир жарым жыл сайын 300 моджахед даярдачу. Лагердин аянты 500 гектарды түзүп, ичинде бир нече үй, чакан мечит, спорт аянтчалары менен ири курал-жарак сактоочу кампа жайгашкан.

Лагердеги туткундарга көрсөтүлгөн кордук

1983-84-жылдары согушкерлер Афганистанда туткунга түшкөн ондон ашык советтик жана расмий Кабулдун жоокерлерин Бадабердин зынданында кармаган. СССРдин чалгын кызматы советтик аскерлер Бадаберде кармалып жатканын билчү. Туткунга түшкөн советтик жоокерлерге моджахеддер зордук-зомбулук көрсөтүп, оор жумуштарда иштеткен. Ошол эле убакта моджахеддер теги славян советтик туткундарды ислам динин кабыл алганга мажбурлоо менен аларга мусулманча ат коюшкан. Ал эми мусулман динин карманган советтик туткундарга да башкача ысым берип, мекендештеринен бөлүп кармаган. Дал ушул себептен улам бүгүнкү күндө да мекендештерибиздин аты-жөнү белгисиз болууда.

Советтик туткундар ислам динин кабыл алган күндө да моджахеддер тарабынан көрсөткөн кордуктан кутула албаганын Бадабердеги көтөрүлүштүн күбөсү, улуту өзбек советтик туткун Насиржон Рустамов белгилейт. Анын үстүнө АКШнын чалгынчылары советтик туткундарды алардын тарабына өтүүнү сунушташкан. Моджахеддердин туткунуна түшкөн советтик жоокерлердин басымдуу бөлүгү ар түрдүү кыйноолорго карабастан, Ата Мекенине чыккынчылык кылуудан баш тарткан.

Николай — Абдурахмон же көтөрүлүштүн чыгышы

Насиржон Рустамовдун пикиринде Бадабердеги көтөрүлүштү улуту украин, туткундардын көбүнөн улуу, атайын даярдыктан өткөн Николай Шевченко уюштурган. Моджахеддер атын Абдурахмон деп өзгөрткөн Николай дароо советтик туткундардын лидерине айланат.

Туткундар көтөрүлүшкө даярдана баштайт. Алгач Шевченко лагерь сакчыларынын командирине күрөшкө түшүүнү сунуштайт. Анын шарты боюнча эгерде ал утса, моджахеддер советтик туткундар менен футбол ойнойт. Ал эми Николай утулса, командирдин бардык талабын аткармай болот. Шевченко күзөтчүлөрдүн башчысы менен күрөшүп, аны жеңип алат. Николайдын жеңиши жакшылыктан үмүтүн үзгөн советтик туткундардын маанайын көтөрүп, үмүтүн жандырат. Моджахеддер аргасыздан Шевченконун сунушуна макул болуп, советтик туткундар менен футбол ойношот. Алдан-күчтөн тайганына карабастан, афгандык козголоңчуларды туткундар утуп алат. Эң башкысы — Николай оюн учурунда лагерде канча моджахед бар экенин эсептеп чыгат.

Советтик туткундардын бирин афгандык козголоңчулар мазактап кордогону шылтоого шынаа болуп көтөрүлүш чыгарганга түрткү болду. Николай душман алдында чөгөлөп өлгөнчө атышып өлгөн оң экенин айтып мекендештерине кайрылат. Анын сунушун бардыгы колдойт.

26-апрелде саат 21.00дө моджахеддер намазга кеткен маалда советтик туткундар лагерди көзөмөлдөгөн жана курал-жарак сактаган кампаны кайтарган сакчыны өлтүрүп, көтөрүлүшкө чыгат. Мындан сырткары, зынданда жаткан Кабулдун өкмөттүк армиясынын жоокерлерин бошотот. Афган аскерлеринин көпчүлүгү советтик туткундарга кошулуп кетет. Эркиндикке чыккан кээ бир афган жоокерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чек арадан өтүп Ата Журтуна жетет да СССРдин чалгын кызматына Бадабердеги көтөрүлүш жөнүндө алгачкы маалыматты берет.

Көтөрүлүштүн жүрүшү

Моджахеддер лагердин ичинде жайгашкан түрмө менен курал-жарак сакталчу кампаны советтик туткундар басып алгандан кийин гана эсине келет. Афгандык согушкерлер Бадаберди курчоого алат. Чепте көтөрүлүш чыкканын угуп, афган оппозициясынын лидеринин бири Бурхаддин Раббани келип, советтик туткундар менен сүйлөшүүгө аракет кылат. Ал советтик туткундар куралын таштап багынып берсе, тирүү калтырам деп убада берген. Мекендештерибиз Бириккен Улуттар Уюму же Кызыл Кресттин өкүлү менен жолугушууну уюштурууну талап кылышат. Ошол эле убакта айрым божомолдор боюнча советтик туткундар басып алган радиостанция аркылуу өздөрүнүн кайда экенин билдирүүгө аракет жасашкан.

Раббани советтик туткундардын талабын аткаруудан баш тартат. Себеби Пакистан расмий түрдө нейтралдуу мамлекет эле. Эгерде анын аймагында афгандык качкындар үчүн деп түзүлгөн лагерде советтик туткундар кармалганы билинсе, анда ага каршы СССР аракет көрмөк. Айласы кеткен Раббани чепке чабуул койгонго буйрук берген. Советтик туткундар моджахеддерге болуп көрбөгөндөй каршылык көрсөтөт. Туткундардын бири Рустамовдун айтымында, Раббани аргасыздан замбиректен атканга буйрук берет. Замбиректин огу чептин ичиндеги курал-жарак сакталчу кампага тийгенде Бадербердеги лагерь толугу менен жарылат. Ошол эле учурда башка божомол боюнча советтик туткундар кайрадан туткунга түшпөш үчүн Бадербердеги курал-жарак сакталчу кампаны өздөрү жардырып жиберген.

Көтөрүлүшчүлөрдүн бири дагы аман калган эмес

АКШнын чалгын кызматынын маалыматы боюнча көтөрүлүш чыгарган советтик туткундардын ичинен экөө оор жарадар болуп колго түшкөн. Моджахеддер аларды атып салган. Бейрасмий маалыматка таянсак 11 советтик туткун менен расмий Кабулдун жоокерлери курман болгон. Раббанинин айтымында, 20 моджахед каза болгон.

Эң башкысы — Бадабердин ичинде жайгашкан курал-жарак сактоочу ири кампа жарылып, Афганистандагы советтик жоокерлердин бир далайынын өмүрүн сактап калды. Эң өкүнүчтүүсү — чеп жарылганда канцелярияда советтик туткундардын тизмеси өрттөнүп кеткен. Раббани кылмышты жашыруу үчүн лагердин ичиндеги өлүктөрдү шашылыш көмдүрүп, ал жерди эч нерсе болбогондой түздөп салган.

Бадабердеги советтик туткундардын эрдиги тууралуу Пакистандын "Сафир" менен солчул "Муслим" басылмасы жана Батыш маалымат каражаттары дүйнөгө жарыялады. Ал эми СССРде "Комсомольская правда" гезити кыскача гана маалымат берүү менен чектелген. Көтөрөлүштүн башкы демилгечиси Николай Шевченко ким деген суроо жаралат. Бирок азыркы күндө да Пакистандын бийлиги Бадабердеги көтөрүлүш жөнүндө фактыны такыр мойнуна алгысы келбейт.

Балким Бадабердеги көтөрүлүшкө туткунга түшкөн кыргызстандыктар да катышкандыр. Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт дейт, бул мекендештерибиздин эрдигин дагы изилдөө керек. Кыргызстандыктардын Бадабердеги көтөрүлүшкө катышкандыгы жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо угууга кызыкдарбыз…

Эскерте кетсек, буга чейин Франциянын азаттыгы үчүн согушкан кыргызстандыктар тууралуу баян эткенбиз.

1780
Белгилер:
Пакистан, Бадабер чеби, көтөрүлүш, туткун
Тема боюнча
РФтин БУУдагы өкүлү: Афганистанда болжол менен 7 миңдей согушкер бар
Афганистан ... алып калган жоокерлер
Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон "Катюша"
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди