Ош шаарынын айрым жеринде эки күн жарык болбойт. Тизме

© Sputnik / Исмаил МамытовКечки Ош. Архив
Кечки Ош. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясы эки күнү 8 саттан өчүрүлүп турат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ош шаарынын аймактарында 27-28-апрель күндөрү жарык берүү үзгүлтүккө учурай турганын калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр энергиясы саат 9.00дөн 17.00гө чейин өчүрүлөт.

Электр кубаты 27-апрель күнү Ош технологиялык колледжинде, кургак учукка каршы облустук балдар ооруканасында, Исанов, Ташкент, Водопровод, Кулатов, Фергана, Макаренко, Крупская көчөлөрүндө болбойт.

Ал эми эртеси №4 Ак-Тилек кичи шаарчасы менен Эсенжанов көчөсүнө электр энергиясын берүү токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0