Бишкекте Жеңиш майрамынын урматына вальс бийленет

Жазылуу
Иш-чарага катышууга өз макулдугун студенттер менен чыгармачыл жамааттын өкүлдөрүнөн тышкары Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да беришти.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жеңиш күнү, 9-майда, Бишкекте "Жеңиш вальсы" эл аралык акциясы өтөт. Бул тууралуу "Евразиялыктар — жаңы толкун" фондусунан маалымдашты.

Уюштуруучулар шаардыктарды жана конокторду акцияга катышууга чакырат.

Акция Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9-майда "Өлбөс полктун" жүрүшү кайсы жолдор менен өтөрү белгилүү болду
Салтка айланып калгандай бул күнү Жеңиш аянтында жүздөгөн жуп чимириле вальс бийлейт. Учурда 15 университеттин студенттери, окуучулар, чыгармачыл топтор, коомдук ишмерлер жана Бишкек шаарынын депутаттары катышууга ниетин билдиришкен.

Вальска даярдануу 3-майда саат 15:00дө Жеңиш аянтында өтөт.

2017-жылы бул акция кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0