Көзү азиз Жакшылык: бизди көргөндө качпагылачы...

© Sputnik / Азат АкаевЮридикалык институттун 4-курсунун студенти Жакшылык Кадыров
Юридикалык институттун 4-курсунун студенти Жакшылык Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каарманыбыз Жакшылык 22 жашта. Көзү бир жашынан баштап көрбөй калган. Учурда жогорку окуу жайда окуп гана тим болбостон, өз аракети менен акча таап бир тууган төрт карындашына жөлөк болуп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл жогорку окуу жайды бүтүрүп, келечекке карай аттанууга камынып жаткан Жакшылык Кадыров менен жолугуп, жашоосу, пландары жана коомчулуктун көзү азидерге болгон мамилеси тууралуу маектешти.

— Жакшылык, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

— Мен 1996-жылы Ош шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойгом. Апам жана төрт карындашым бар. Майыптардын атайын мектеп-интернатын аяктадым. Андан соң жогорку окуу жайга тапшырып, азыр Юридикалык институттун 4-курсунда окуп жатам. Ушул жылы окуумду аяктайм.

— Канча жаштан тарат көрбөй калгансыз?

— Мен өзүм так билбейм, бирок жакындарымдын айтуусуна караганда көзүм бир жашыман баштап көрбөй калыптыр. Ага чейин баары жакшы эле болгон экен. Катуу оорудан эмес, дарыгерлердин туура эмес эмдегенинен же болбосо шалаакылыгынын айынан ушундай абалга туш келипмин.

— Угушумча азыр төрт карындашыңызды жалгыз карайт экенсиз?

Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент
— Апам бир жылдан бери Россияда, карындаштарым менен чогуу турам. Азыр шаар четинде бир батирде баарыбыз чогуу жашайбыз. Карындаштарымдын улуусу 18 жашта болсо, эң кичинекейибиз төрттө. Экөө мектеп курагында. Аларды караганга улуу карындашым жардам берет. Албетте, үйдүн эң чоңу жана эркеги болгондон кийин аларды багуу менин милдетим деп эсептейм. Жумуштардын баарын аткарам. Кээде тамак жасаган күндөрүм болот. Тамак-ашты колум менен сезип, өлчөп, жыты аркылуу жасайм. Негизи булардын баарын аткаруу мен үчүн кыйын эмес, тескерисинче ырахат берет.

— Өзүңөр батирде жашасаңар, андан сырткары, күнүмдүк турмушка, тамак-ашка каражат табуу кыйын эмеспи?

— Каражат жагынан, албетте, кыйынчылык тартабыз. Апам дайыма акча салганга аракет кылат. Бирок баары бир тартыш турмушта жашайбыз. Мисалы, батирге эле айына 6 миң сом төлөө керек. Мамлекет айына үч миң сом жардам берет. Ага кошумча өзүм да кол сунуп эле отура бербейин деп колдон келишинче иштеп, акча тапканга аракет кылам. Бир-эки теннис столум бар. Ошолорду ижарага берем. Кээде майда-чүйдө жумуштарды кылып калам. Мисалы, көчөдө муздак суу сатып акча тапкан күндөрүм болот. Акча жок деп эле отура бербей тиричилик кылып жүрөм.

© Фото / Азат Акаев"Биз деле кадимкидей адамбыз. Бизди көргөндө качпагыла же таң калбагыла", — деди биз менен болгон маегинде элге кайрылган Жакшылык Кадыров
Незрячий студент юридического факультета Жакшылык Кадыров - Sputnik Кыргызстан
"Биз деле кадимкидей адамбыз. Бизди көргөндө качпагыла же таң калбагыла", — деди биз менен болгон маегинде элге кайрылган Жакшылык Кадыров

— Билим алам деген ниет кичинекейиңизден эле бар беле? Окуу кыйынчылык жараткан жокпу?

— Жаштайыман эле окусам, татыктуу билим алсам деген тилегим чоң болчу. Мектепти аяктап жатканда алгач журналист болгум келген. Ушул кесипке өзгөчө шыгым бардай сезилчү. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу юристтикке окууга мажбур болдум. Төрт жылдан бери бул кесиптин жакшы экендигине көзүм жетти. Ал эми орто билимди мектеп-интернаттан алдым. Ал жер атайын бизге ылайыкташкандыктан окуу оңой эле болчу. Жогорку окуу жайда чынын айтсам, башында кыйынчылыктарга туш келдим. Биз негизи коомчулукка көп аралаша бербейбиз да. Ошондуктан башкаларга жат болуп, көпчүлүк бизге кандай мамиле кылуу керек экенин жакшы биле бербейт. Бирок кийинчээрек баарыбыз бири-бирибизге көнүшүп кеттик. Окуу жайдан татыктуу билим алгандан сырткары көптөгөн дос-курбу күттүм. Негизи эле өтө мыкты же жаман эмес, орто деңгээлде окудум деп айта алам.

— Быйыл бүтүрүүчү экенсиз, диплом алгандан кийин эмне жумуш кылгыңыз келет?

Пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарындарынын катышуучусу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
— Бардык жаштар сыяктуу алгач адвокаттын жардамчылыгынан баштап, кийинчерээк өз алдымча иштесем деп тилейм. Бирок өкүнүчтүүсү — бизге жумушка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Мисалы, иш берүүчүлөр биздин келбетибизди көрүп эле ишешүүдөн качат. Же бизди иштей албайт деп ойлошобу, билбейм. Көп эле жерге резюмемди жөнөттүм. Өзүмдү мактагандай болбоюн, бирок биз деле кадимкидей компьютер же документтер менен иштеп, эл кыла турган жумуштарды кыла алабыз. Мүмкүнчүлүк берилсе, эл катары эле иштеп кетет турганыма көзүм жетет. Кесибиме ылайык жумуш табуу — жакынкы аралыктагы планым. Ал эми негизги максатым — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга укуктук жактан жардам берүү. Себеби, бизде майыптардын укугу көп тебеленет. Ошондуктан юридикалык жаатта такшалып, кесибимди жакшы өздөштүргөндөн кийин майыптардын укугун коргоп, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо борборун ачкым келет. Азыр ошого аракет кылып жатам.

— Күнүмдүк турмушта адамдардын силерге болгон мамилеси кандай?

— Баарын бир тараптуу жакшы же жаман деп айта албайм. Жашоодо ар кандай адамдар кездешет. Алардын арасында көңүлүңдү аябай калтыргандар да бар. Көчөдө жүргөндө же болбосо коомдук транспортко түшкөндө бизге карата "өгөй" көз караш бар. Артыбыздан сүйлөгөндөр көп. Мурда мындай көрүнүштөр катуу тийсе, азыр көнүп деле калдым. Анан дагы, эң кызыгы жөн эле баратсаң колуңа акча карматкандар болот. Балким, жардам бергиси келип жаткандыр деп аларды деле туура түшүнүп коёбуз. Бирок аябай ыңгайсыз абалга туш болосуң. Биз деле кадимкидей эле адамбыз. Бизди көргөндө качпагыла же таң калбагыла. Мисалы, автобуста баратканда жаныңда отуруудан качышат. Мындай көрүнүштөр аябай капа кылат. Көзүбүз гана көрбөгөнү болбосо башкалардан айырмабыз деле жок. Коомчулук бизге түшүнүү менен мамиле кылса, майыптардын аларга аралашуусу, жашоодон өз ордун табуусу оңой болмок.

Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда логопед болуп иштеген Жылдыз Жаркынбаева - Sputnik Кыргызстан
Логопед Жаркынбаева: аттуу-баштуу эле адамдар майып балдарын таштап кетишет
Бир эле мисал, шаардагы тротуарларга унаалардын чыгып кеткени. Алар бизге тоскоолдук гана жаратпастан, өмүрүбүзгө да коркунуч туудурат. Мени эле тротуарда бараткан учурда эки-үч жолу унаа сүзгөн. Жолдордун жамандыгы да негизги маселелердин бири. Жамгыр жааган кезде сыртка чыга албай, үйдө камалып калабыз. Жол жыртыктарына суу толуп калгандыктан басуу кыйын болот. Ош шаарында майыптарга ылайыкташкан эки эле жол чырак бар. Айдоочулар да жол эрежесин сактабагандыктан, жолдон өтүү да өтө кооптуу. Ушул маселелерге бир аз эле көңүл буруп коюшса бизге жетишет эле.

— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Биздин кулагыбыз көздүн дагы функциясын аткаргандыктан, бош убакытымда аудио китептерди угам. Бул мен эң жакшы көргөн нерселердин бири. Андан сырткары, кичинекей карындашым менен ойногонду жактырам. Аны менен ойноо мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдүн дарысы десем болот.

— Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Ооба, бар. Буюрса эмдиги жылы баш кошобуз деп пландап жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0