Нарында ишкерлер айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө салым кошот

Жазылуу
Нарын облусунун башчысы ишкерлер менен жолукту.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын ишкерлерин айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө салым кошууга үндөдү. Бул тууралуу облус башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Посадка 80 саженцев деревьев в Оше - Sputnik Кыргызстан
Оштун көркүн ак кайың, карагай жана роза гүлдөрү ачат. Сүрөттөр
Кайыпов аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыкка активдүү катышууга чакырганы айтылды.

Облус башчысы ар бир шаар тургуну айланасын таза кармап, ишембиликтерди өткөрүп жатканын белгилеп, калкка кызмат көрсөтүп жаткан орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнө имараттардын тегерегин иретке келтирүү зарыл экенин айтты.

"Кардар ыңгайлуу шартта сиздерден кызмат алууну каалайт. Коопсуздукка көңүл буруу керек. Ал эми имараттарыңыздардын сырткы келбетин оңдоп, алдына бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузсаңыздар кардар көп тартылат, шаарга дагы көрк берет. Биз тараптан бардык жардамдар берилет", — деди Кайыпов.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер соода-сатык жайларына бирдей урна орнотуу жана бак-дарактардын көчөттөрүн атайын адистердин кеңеши менен отургузуу, жолдорду таштандыдан туура арылтуу боюнча сунуштарын айтып, жергиликтүү бийликтин демилгелерин колдоого аларын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0