Быйыл Нарында УКМКнын 20 кызматкери үйлүү болот

Жазылуу
Буга чейин атайын кызматтын Ош, Каракол калааларында да тамдар салына баштаган

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Быйыл Нарын шаарында УКМКнын 20га жакын кызматкери үйлүү болот. Бул туурасына аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө Нарын шаарында бүгүн УКМК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсула салынгандыгы кабарланган.

Эске сала кетсек, Ош жана Каракол шаарларында да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштегендер үчүн турак жай куруу иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0