Үйрөнчүк айдоочулардын унаасына атайын белги тагылат. Мыйзам долбоор

Жазылуу
Мыйзам долбоордун демилгечилери унаага тагылган белги чет жакта бир топ таасирдүү болуп жатканын жүйө келтиришти.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда үйрөнчүк айдоочулардын унаасына атайын белги тагуу сунушталып жатат.

ИИМ тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыкты.

"Үйрөнчүк айдоочу" деген белги сары түстөгү квадраттын ичинде жайгашкан кара өңдөгү илеп белгиси түрүндө болот. Ал трактор, мотоцикл жана мопедден башка унаанын баарына тагылат. Бул белгилер эки жылдан кем тажрыйбасы бар айдоочуларга арналат.

Комплекс автофиксации нарушений ПДД в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Көчөлөргө камера койдук дейли. Андан кийин ойлондурчу 8 жагдай
ИИМ мындай кадам үйрөнчүк айдоочулардын ыңгайы үчүн жасалып жатканын айтууда.

Экинчи белги — "Таксомотор". Бул такси паркын бирдиктүү тартипте кармоого шарт түзмөкчү. Мында жүргүнчү, жүк ташуу боюнча бир катар укуктук-нормативдик актыларды аткарууга көмөктөшөт. Белги шахмат түрүндө жайгашкан ак-кара түстөгү беш квадраттан турат. Анын унаанын кузовуна же үстүнө коюуга болот.

Министрлик мындай белгилер чет жакта сыноодон өтүп, пайдалуу экенин аныкталганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0